ОШ. Облустук мамлекеттик администрациясынын пресс-катчысы Алишер Токсонбаевдин айтымында алдын ала белгиленген жумушчу программага ылайык Президент Карасуу районунун аймагында жайгашкан Папан суу сактагычынын курулушу менен таанышат, андан соң Өзгөн районундагы Мырзарык суу каналында болот. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Орозов атындагы орто мектебинин жаңыдан бүткөрүлгөн имаратын ачуу аземине катышат.
Аба ырайы
БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 5-январда Жалалабат, Ош, Баткен, Нарын жана Ысыккөл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ал эми Талас, Чүй облустарында кар жаашы күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -9...-14 градус суук.
Таласта түнкүсүн -20...-25, күндүз -10...-15 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн -8..-13, күндүз -2...-7 градус суук.
Ысыккөлдө түнкүсүн -13...18, күндүз -2...-7 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30, күндүз -13...-18 градус.
Бишкек шаары боюнча абанын температурасы түнкүсүн -20...-22, күндүз -11...-13 градус суук болот.
Кыргызстандагы соңку маалыматтар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.
Редактору Кубат Чекиров