Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Бишкекте дагы бир киши өлтүрүү катталды


БИШКЕК. 5-январда Бишкек шаарындагы батыш автобекеттин аймагында кезектеги киши өлтүрүү катталды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, 30-40 чамалаш курактагы, ысымы Кычан экендиги болжолдонуп жаткан бул адам белгисиз адамдар тарабынан атылган октон оор жарат алып, ооруканага бараткан жолдо көз жумган. Айрым булактарда маркум Рысбек Акматбаевдин жардамчысы болгондугу тууралуу айтылды. Бирок, мындай маалыматты ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тастыктаган жок. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу биринчи май райондук, Бишкек шаардык ички иштер кызматтарынан жана ички иштер министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG