Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Бээжинде куш тумоосу боюнча конференция аяктады.


Донор-мамлекеттер жана эл аралык уюмдар вирус менен күрөшүү үчүн 1 миллиард 900 миллион доллар бөлүп берүүгө убада кылышты. БУУнун сасык тумоо боюнча координатору Давид Набарро муну эң мыкты жана күтүлбөгөн кадам деп атады.
Тактап айтканда, АКШ 334 миллион, Европа Биримдиги 250 миллион, Дүйнөлүк банк 500 миллион доллар чегеришмей болду.
Видео байланыш аркылуу жасаган кайрылуусунда Дүйнөлүк банктын төрагасы Пол Волфовиц бул акча пандемиянын алдын алууга жардам берет деп ырастады:

Куш тумоосунун Эйч5Эн1 штаммы бүт дүйнөнү каптайбы же жокпу, азыр аны эч ким айта албайт. Бирок биз вирустун жайылышын алдын алуу, аны контролдоп туруу үчүн жасап жаткан инвестиция узак мөөнөттүү болот деп ишенебиз. Алар келечекте пандемияга туруштук берүүгө, экономикалык жана социалдык жетишкендиктерди коргоп калууга көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG