Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Вице-президент маселеси боюнча МТРКда чыр чыгып, коллективи экиге бөлүндү


БИШКЕК.Мамлекеттик телерадиокомпаниянын кызматкерлеринин бир бөлүгү вице-президент кызматынан Жылдыз Муслимованы бошотуу жөнүндө Президент чечимине нааразылык билдиришүүдө. Бүгүн алар вице-премьер-министр А. Мадумаров катышкан жыйында ага Ж. Муслимованы вице-президент катары калтырууну суранган кайрылуусун тапшырышты. Жыйында чыгып сүйлөгөндөр Ж. Муслимованын жетекчилик кызматта өзүн жакшы көрсөткөндүгүн баса белгилешти. Коллективдин экинчи бөлүгү вице-президент кызматына Байма Сутенованын дайындалышын колдоого алууда. Алар Б. Сутенованын кесиптик чеберчилиги жетиштүү деп эсептешүүдө.

Өткөн жумада МТРКнын жетекчилик курамында өзгөртүүлөр болгон. Вице-президент кызматынан Ж. Муслимова бошотулуп, анын ордуна Байма Сутенова дайындалган. Б. Сутенова экс-президент Акаевдин тушунда эле мамлекеттик телерадиокорпорацияда вице-президент болуп иштеген болчу.

XS
SM
MD
LG