Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Ошто элдик ыңкылапты колдоо боюнча коомдук бииркме түзүлдү


ОШ. 25-январда Ош шаарында болуп өткөн марттагы элдик ыңкылаптын катышуучуларынын кезексиз чакырылган жыйынында буга чейин ыңкылапчылардын талабын коргоп келген “Мыйзамдуулукту коргоо”, “Марттагы элдик ыңкылап” сыяктуу коомдук уюмдардын ыңкылапчылардын атына жамынып алып иш жүргүзүүсүнө тыюу салган чечим кабыл алынды. Жыйындын жүрүшүндө элдик ыңкылаптын жетишкендиктерин коргоо боюнча коомдук бирикме түзүлүп, анын жетекчилигине март айындагы акаевдик режимге каршы көтөрүлгөн ыңкылапчылардын лидерлеринин бири Тимур Камчыбеков шайланды. Тимур Камчыбеков республикалык, облустук жана шаардык деңгээлде ыңкылапчылардын атын сатып ишмердүүлүк жүргүзгөн шылуундарга жол бербөө, акаевдик башкаруу учурунда коррупциялык ири иштер менен коомго белгилүү болгон кадрлардын бийликке аралашуусуна каршы күрөш жүргүзүү багытында ыңкылапчылардын кызыкчылыгын коргой тургандыгын билдирди.



26-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 26-январда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Ысыккөл облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5 градус.
Чүй, Талас, Жалалабат, Ош жана Баткен аймактарында түнкүсүн -5... -10, күндүз 0...-5 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -9...-14 градус.
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -1...-3 градус.
Күндүн узактыгы 9 саат 42 мүнөт.


Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG