-Уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрү бийликке ачыктан ачык кире башташты. Буга тынчсызданган депутаттар менен атуулдардын сөздөрүнө мен унчукпай койууга укугум жок,- деп айткан эле Ф. Кулов кечээ тараткан билдирүүсүндө.
Премьер-министр өлкөнүн коопсуз өнүгүшүнө коркунуч жаратып аткандар катары УКК төрагасы Таштемир Айтбаевди жана Рыспек Акматбаевди атаган.
-Улуттук коопсуздук кызматы кылмышкерлерди калкалаган эмес, улуттук коопсуздукту сактаган кызмат болсун. Алар деген чалгындоо жана контрчалгындоо менен алектениши керек. Биздин коопсуздукту сактап, чоң-чоң маселелердин үстүндө иштеши керек,- дейт өкмөт башчы.
Премьер-министр Улуттук коопсуздук кызматы баштаган мамлекеттик органдарды криминал менен коррупцияга каршы күрөшпөй жаткандыктан, сот органдары оор кылмыштарды жасаган кылмышкерди актап ийгени эч кимди таң калтырбай калганын белгилеген.
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев ушул күнү парламентте сүйлөгөн сөзүндө Феликс Куловдун айыптоолорун четке какты. Ал керек учурда Куловдун өзүнүн кылыктары жөнүндө айта турган сөздөрү көп экенин билдирди.
- Мени криминалдык дүйнө менен байланышта деп эч ким айта албайт. Мен өзүмдү жана ар-намысымды коргоп калам. Курулай сөз менен айыптоолорду мен кескин четке кагам,- деди Таштемир Айтбаев.
Премьер-министрдин айыптоолоруна Рыспек Акматбаев да кечикпей жооп кайтарды. “АКИ-пресс” агенттигинде сүйлөгөн сөзүндө ал өкмөт башчынын өзүн кылмышкер атап, иниси Тынычбек Акматбаевдин өлүмүн уюштурган деп айыптады.
Аналитиктер премьер-министрдин кечээги билдирүүсү бийликтин башка бутактары үчүн күтүүсүз болгонун белгилешүүдө. Президенттин кеңешчиси болуп отурган Чолпонбек Абыкеев бийлик менен кылмыштуулук биригип кеткени жөнүндө премьер-министрдин билдирүүсүнө макул эмес.
- Эч ким криминал менен коюн колтук алышкан да жок, криминал бийликке умтулган да жок. Бул өкмөт башчынын жеке пикири. Ал өзү айтып калыптыр, өзү коюн-колтук алышып атса керек да,- дейт Чолпонбек Абыкеев.
Ошентип, өлкөдө оңой эмес кырдаал түзүлдү. Азыркы тирешүүлөр өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү коркунучка кептейт деген оюн билдирди Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери Жыпар Жекшеев:
- Бул тирешүүлөр саясий стабилдүүлүк үчүн өтө коркунучтуу. Кулов туура айтат, Улуттук коопсуздук кызмат тескерисинче улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип атат. УКК азыр саясатчыларды, депутаттарды аңдымай менен гана алектенип, аябай булганыч органга айланды. Ал эми улуттук коопсуздуктагы өз милдеттерин эчак унутуп калган,- дейт Жыпар Жекшеев.
Премьер-министр Феликс Кулов тарыхта прокурор коюлуп жаткан айыптардан күтүүсүздөн баш тартып актоону сурап чыккан учур болгон эмес деп эсептейт. Анын оюнча токтоосуз түрдө укук коргоо жана сот органдарын рефоромалоого чакырат жана “Күбөлөрдү коргоо жөнүндө” мыйзам зарыл.