Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Иран маселесинин Бириккен Улуттарга өткөрүлүшүнө Кытай каршы


Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кун Цюань бүгүн билдиргенге караганда, Иранга каршы эл аралык чектөө салууга Бээжин каршы: "Биздин оюбузча, Орусия жасаган сунуш менен туңгуюктан чыгуу мүмкүн. Кытай жетекчилигинин пикиринде, маселе дипломатиялык ыкмалар менен гана чечилүүгө тийиш жана сүйлөшүүлөр уланышы керек", - деди Кун. Үстүбүздөгү аптанын башында Иран өкүлдөрү Маскөөгө келип, Тегеран үчүн керектүү уранды Орусиянын аймагында байытуу иштерин талкуулап кеткен, бирок акыркы чечим кабыл алына элек. Батыш Европа менен АКШ жетекчилигинин айтымында болсо, Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн майнап чыкпай калды жана маселе эми Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна өткөрүлүш керек.

XS
SM
MD
LG