Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

САДДАМ ХУСЕЙНГЕ КАРШЫ СОТ ЖАРЫМ АЙЛЫК “ТЫНЫГУУДАН” КИЙИН УЛАНДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Дүйшөмбүдө Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге жана аны менен кошо айыпталып жаткан жети адамга каршы сот иши кайра улантылды. Буга чейин баардык айыпталгандар соттун төрагасы аларга карата акыйкатсыз мамиле кылып жатканын айтып, эки ирет сотко келбей коюшкан. Бирок Саддам бул жолу адаттагыдай костюм-шымда эмес, улуттук кийимде келди. Ал сотко кирип баратып эле кыйкырып-өкүрүп, аны залга зордоп алып киришкенин айтып жатты.

- Ирактан кеткиле! Араб улутун тынч койгула! Жоголсун оккупанттар! Жоголсун Буш! Улутту бошоткула!

Саддам Хусейн 15 күндөн кийин кайра сот залына ушинтип кыйкырып кирди. Ал нааразылык иретинде 29-январда сот залынан чыгып кеткен болчу.

Бул жолу да ал соттун төрагасына карап, заарын тыйган жок.

- Мени сот залына күч менен алып киришти. Эмне үчүн сиз өз укугуңуздан пайдаланып, мени буерден бошотпойсуз? Сиз эмне, муну менен өзүңүздүн бааңызды арттыргыңыз барбы?, - деди экс-диктатор.

Өткөн жылдын этегинде Саддамды соттоп жаткан төрага алмашкан эле. Мурдагы сот Мухаммад Амин “Саддамга өтө эле жумшак мамиле кылып жатат” деп айыпталып, бул милдеттен четтетилген. Анын ордуна азыркы төрага Рауф Абдул Рахман келди.

Бирок Саддам Хусейндин адвокаттары: “Бул төрага айыпталуучуга карата акыйкат мамиле кылбай жатат”, - дешет. Анткени Абдул Рахман өзү түп теги Халабджиден болот. “Бул шаар 1988-жылы газ чабуулуна кабылган. Ошондуктан ал жерден чыккан сот Саддамга карата акыйкат мамиле кыла албайт”, - дешет.

Ушул айдын башында Саддам Хусейн менен башка айыпталуучулар эгерде Рауф Абдул Рахмандын ордуна башка сот дайындалбаса, алар соттун босогосун аттабай тургандыктарын айтып, чыгып кетишкен.

Адвокаттар, мындан сырткары, процесс башка мамлекетте өтүшү керектигин айтып жатышат. Анткени Иракта Саддамга каршы сот иши башталгандан бери анын эки адвокаты өлтүрүлгөн.

Дүйшөмбүдөгү сот процессинде Саддамдын бир тууганы Барзан ал-Тикрити да тынч олтурган жок. Ал да “Ирактан кеткиле! Ирак элинен кеткиле!” деп кыйкырып жатты.

Саддам Хусейн жана аны менен бирге соттолуп жаткан мурдагы ирактык чиновниктер “1982-жылы Дуджаил шаарында 148 шийи мусулмандарын кырып жок кылган” деп айыпталып жатышат.

XS
SM
MD
LG