Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

АЙДАР АКАЕВДИ КУУГУНТУКТООНУ ТОКТОТУУНУ АНЫН ШАЙЛООЧУЛАРЫ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ


Замира Кожобаева, Кемин шаарчасы 22-февраль күнү Кемин шаарчасында Жогорку Кеңеш депутаты Айдар Акаевди колдоо митинги болуп өттү. Анда депутаттын тарапкерлери анын депутаттык кол тийбестигин кайтарып берүүнү жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоону мамлекеттен талап кылышты. Айдар Акаев өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 24-марттагы окуялардан кийинки парламенттин бир да отурумуна катышкан эмес. Башкы прокуратуранын талабы боюнча ал депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратылган болчу.

“Айдар Акаев—биздин эл шайлаган депутатыбыз”, “Биз депутатыбыздын өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну мамлекеттен талап кылабыз!”, “Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратууга каршыбыз”, “Айдар Акаевди саясий куугунтуктоо токтотулсун!” деген жазуулары бар плакаттарды кармаган 60тан ашуун киши Кемин шаарчасындагы кинотеатрдын алдына чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди колдоо жана коргоо митингин өткөрүштү. “Айдар Акаевди коргоо” комитетинин жетекчиси Теңиз Төлөмүшевдин митингде сүйлөгөн сөзү боюнча, мындай иш-чараны өткөрүү демилгеси жалпы шайлоочулардан келип чыккан.

Теңиз Төлөмүшев минтип Айдар Акаев депутат боло элек учурда эле Кемин элине көп жакшылыктарды жасагандыгын белгилеп, бийликтен экс-президентти үй-бүлөсү менен куугунтуктоону токтотууну, Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигин кайтарып берүүнү талап кылды:

-№57 Кемин шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевдин депутаттык кол тийбестигин калыбына келтирүү жана анын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздап берүүсүн Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн суранабыз. Айдар Акаев Жогорку Кеңештин отурумдарына катышпай жаткандыгы үчүн жооптуу эмес.

Жыйынга экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Акин Токталиев да катышты. Ал Айдар Акаевдин күнөөсү далилденбегендигин айтты:

-Айдар Акаевдин кылмыш иш кылганы тууралуу маалымат уктуңар беле? Эч кандай андай маалымат жок. Мен айтып коюшум керек, бийлик жөнү жок жерден эле аны Кыргызстанга келтирбөөгө аракет кылып жатат.

Нааразылык митингисине келген адамдардын баардыгы эле бир пикирде эмес экен. Өзүн Каныбек Дүйшөбаев деп тааныштырган шайлоочунун айтымында, бул жыйындын уюштуруучуларынын сөзүн жалпы шайлоочулардын мүдөөсү катары кароого мүмкүн эмес:

-Бизге да иштей турган, парламентте биздин райондун, элдин кызыкчылыгын коргой турган депутат керек. Айдар Акаев болсо кеткен боюнча дайны жок. Бизге орду жок депутаттын кереги эмне? Башка шайлоо болууга тийиш.

Ким депутат болгону баары бир деген пикирде болгондор да кезигет.

-Айдар Акаевди биз куугунтаган жокпуз. Ал келсе келсин, келбесе депутаттыктан баш тартсын. Аны келсин деп эч ким талап кылган жери жок,- деди митингге келген тургундардын бири.

Конституцияда жазылган мыйзам боюнча, депутат бир сессиянын мөөнөтүндө ишке чыкпаса, анда аны шайлоочулары депутаттыктан чакыртып ала алышат. Адистердин айтымында, дүйнөлүк практикада депутатты чакырып алуу деген нерсе жок, бул постсоветтик өлкөлөрдө гана бар. ЖК депутаты Темир Сариевдин айтымында, депутатты чакырып алуу оңой иш эмес:

-Чындыгында депутатты кайра чакырып алуу деген өтө оор норма. Биздин Конституцияда депутат мыйзамдын алдында жана өзүнүн уятынын алдында жооп берет деп жазылып турат.

Фото автордуку.

XS
SM
MD
LG