Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНЫН БЕДЕЛИ КӨТӨРҮЛҮП КАЛДЫ


23-февралда мамлекеттик филармонияда Кыргыз аскерлеринин салтанаттуу жыйыны өттү. Жыйында Кыргыз куралдуу күчтөрүндө жүрүп жаткан реформалоо - эң биринчиден аскер кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртууга, аскер тармагын акыркы чыгарылыштагы куралдар менен жабдууга жана иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө багытталып жатканы белгиленди.

Быйылкы жылдан уландар аскерге 23 жаштан алынып, 1 жылдык аскер милдетин өтөө киргизилмекчи. Аскер кызматкерлеринин пикиринде аскерде кызмат өтөөнүн кадыр-баркы өсүп баратат. Капитан Султан Койчуевдин пикиринде мекенди коргоо милдетин өтөө, уландардын кийинки кызмат ишине да таасирин тийгизет:

24-марттан бери Кыргыз армиясында көп өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Квартиралар бериле баштады. Мурдагы бийлик учурунда аскер кызматкерлерине бир да үй салынган эмес. Азыр үйлөр салынып баштады. Ушу кезге чейин аскер кийимдерин СССР убагындагы белгилер менен кийип келдик. Эми мына улуттук белгилер тагыла баштады. Азыр эл аскер кызматына башкача карай баштады. Аскерде кызмат өтөгөндөр кызмат өтөбөгөндөргө караганда жумуштарга да тез, оңой алынып жатат.

Кыргыз аскер тармагында айрыкча төмөнкү аскер чининдеги кызматкерлердин турмуш абалдарын жакшыртууга көңүл бурулууда. Кандай мамлекеттик маанилүү тармак болбосун – анда эң башкы көңүл адамга, анын социалдык маселелерин чечүүгө бурулушу керек деп эсептейт Коргоо министринин орунбасары, генерал майор Александр Югай:

Бүгүнкү күндө Кыргыз коргоо күчтөрү түзүлүп калды. Аскердик даярдыкты жакшыртуу, аскер тармагын жаңы куралдар менен жабдуу – Мекенди коргоо ишинде алдыбыздагы башкы милдеттер. Кыргыз Куралдуу күчтөрүндө жаңылануулар жүрүп жатат. Ал эми жаштардын патриоттук сезими тууралу айтчу болсок, аталарыбыздан келаткан бул улуу салттын кайра салтнаттай башташынын өзү эле чоң мисал болот.

Кыргыз Куралдуу күчтөрүндө иш кагаздары кыргыз тилине өтүүнүн этаптык жолунда. Иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүшү – өзгөчө айылдык кыргыз жаштарына дем берет, ишенимдүүлүк жаратат. Мындай пикири менен Коргоо министлигинин уюштуруу штабынын башчысы Шертай Султанов ой бөлүштү:

Куралдуу күчтөрүндө иш кагаздарынын кыргыз тилинде жүрө баштаганы жакшы жышаан. Бул аскер тармагында кыргыз улан-кыздарынын иштешине жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Орус тилинен көп эле балдар кыйналышчу. Министрдин буйругу менен кыргыз тилине байланышкан иш-чаралар өтүп жатат.

Кыргыз Куралдуу күчтөрүндө эмгек өтөөгө көп кыргыз кыздары ынтызар. Бүгүнкү күндө аялзаттары аскер тармагында – байланыш кызматтарында, компьютердик иш кызматтарында, тигүүчүлүк иштеринде, медициналык бөлүмдөрдө жана талаага чыкканда тамак-аш кызматтарында эмгектенишүүдө. Коргоо министрлигинин каттар бөлүмүнүн башчысы Уулкан Жумашеванын айтымында кыздардын аскер тармактарында иштөөгө болгон кызыкчылыгы жогору:

Кыргыз кыздары деле жоокерлердей эле тоо-таштарга аскердик үйрөнүүлөргө чыгабыз. Аскер ишине кызыккан кыргыз кыздар абдан көп. Учурда кыздар аскер тармагына сынак жолу менен кызматка алынышат.

Улуу Атамекендик согуштун ардагери. Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев – кыйла бир жылдар аброю түшүп кеткен аскер кызматы бүгүнкү күндө баалана баштаганын белгиледи:

Бир учурда Акаев “Кыргызстанга аскердин кереги деле жок” деп айткан эле... Андыктан армияга көңүл бурулбай келди. Кыргыз армиясына Баткен согушундагы биздин балдардын эрдиктеринен кийин көңүл бурула баштады.

Жыйында ошондой эле айрым аскер кызматкерлерине Кыргыз өкмөтүнүн жана Коргоо министрлигинин грамоталары жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

XS
SM
MD
LG