Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Уранды Орусиянын аймагында байытуу боюнча Тегеран жана Москва базалык келишимге жетишти


Бул тууралуу жекшембиде Ирандын атомдук энергия боюнча мекемесинин башчысы Гулям Реза Агазаде Бушер шаарында Орусиянын атомдук энергия боюнча агенттигинин директору Сергей Кириенко менен сүйлөшүү өткөргөн соң билдирди. Эки тараптуу консультациялар эми алдыдагы күндөрү кайра Москвада улантылмакчы. Ирандын муктаждыгы үчүн уранды Орусиянын аймагында байытуу боюнча Москванын сунушу Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу Батыш менен Тегерандын ортосундагы чатакты чечүүдөгү компромисттик жол катары эсептелүүдө.

XS
SM
MD
LG