Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Марат Султанов Бакиев-Кулов тандемин чыңдоого үндөдү


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин жаңы спикери Марат Султанов Бакиев-Кулов тандемин чыңдоо керек деп эсептейт. Президенттик шайлоо алдында ал Бакиев-Кулов тандемин колдогон саясатчылардын бири болгондугун билдирди:

«Мен президенттик шайлоонун алдында эле айткан болчумун: президенттикке азыр эки гана талапкер татыктуу деп. Алар – Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов болчу. Ошондуктан, алардын тандемин да колдоп чыкканмын. Азыр алардын тандемин бузууга болгон аракеттер бар. Бирок, менин көз карашымда, бул тандемди биз чыңашыбыз керек», - деди Марат Султанов.

XS
SM
MD
LG