Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Премьер-министр Баткенде


БИШКЕК. 3-мартта өкмөт башчы Феликс Кулов Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Эки күндүк иш сапарынын алкагында өкмөт башчы облустун район-шаарларын кыдырып, Сүлүктүдөгү Кызылбулак көмүр кенинин абалы менен таанышып, шаардагы өнөр-жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугушат. Мындан сырткары «Айдаркен сымап», «Кадамжай сурма» акционердик коомдорунда, Кызылкыя шарындагы тамеки ишканасында, цемент заводунун курулуш аянтында болот. Өкмөт башчыны Жогорку Кеңештин Баткен облусунан шайланган депутаттары жана өкмөттүн айрым мүчөлөрү коштоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG