Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

ЖАЗ КЕЛИП, ”ТАЛИБАН” ЖАНДАНДЫ


Ооганстандын түштүгүндө талиптердин отряддары жандана баштады. Муну ырастап, “Талибандын” өкүлү жазгы фронт ачылганын жарыялады. Шаршемби күнү таңкы үрөң-бараңда Гилменд провинциясында талиптердин чакан отряды коалициянын күчтөрүнө кол салып, эки тараптан жоготуулар болду.

Эл аралык коалициянын түштүк Ооганстандагы күчтөрүнүн өкүлү,британ армиясынын полковниги Крис Вернон таңкы кагылыштар маалында канадалык жана америкалык солдат окко учканын, беш жоокер жарадар болгонун кабарлады. Талиптер он эки лашкерин жоготту. Кийин күндүз коалициянын күчтөрү райондо операция өткөрүп, талиптерден дагы 20дай жоокесепти жок кылышты.

Лейтенант Майк Кодай талиптер бул жолу коалициянын күчтөрүн минометтордон аткылашканын атайын бөлүп көрсөттү. Аскери эксперттердин айтымында, мындай куралды козголоңчулар адатта Иракта америкалык аскерлерге каршы колдонушат.

Гилменд провинциясын “Талибан” режими талкалангандан бери бозуп-тозгон ар түрдүү жоокесептер байырлап алган район дешет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаз келип,ашуулар ачылганы Пакистан тараптан талиптердин лашкерлери өтүп келип жатканын ырасташат. Бир нече ирет полиция күчтөрүнө кол салып, кайра коңшулаш өлкөгө кире качып кетишкен. Бул районго жаздан тартып НАТОнун коопсуздук контингентинен төрт миңдей корпус жайгаштырыла баштады.

Лондондук аналитик Ион Кэмптин айтымында, НАТОлук контингентке коогалуу бул райондогу кырдаалды толук өз көзөмөлүнө алганча бир топ эле кыйын болот. Анын үстүнө “Талибан” жазгы фронтко камылгаларды көргөн болуу керек. Эң негизгиси, Кэмптин айтымында, талиптер партизандык тактикага өтүшкөн. Бир кезде советтик аскерлерге каршы можахеддер кандай ыкмаларды колдонсо, талиптер эми ошондой эле тарыйкалар менен ооган өкмөтүнүн аскерлерине,эл аралык коалициянын күчтөрүнө каршы күрөшө баштады.

XS
SM
MD
LG