1949-жылдын 5-апрелинен баштап манастаанучулукка жана аны менен шугулданган айрым илимпоздорго каршы каралоо иши башталган. Бу күн Г.Самариндин “Советская Киргизия” гезитине “Против буржуазного космополитизма в манасоведении” деген макаласы жарык көргөн. Макалада манастаану боюнча буга чейин жетишилген ийгиликтер жокко чыгарылып, А.Н.Бернштам, Т.Саманчин сыяктуу илимпоздордун изилдөөлөрүнө көө сүртүлөт. Мындан да, буга чейин “Манас” эпосунун 1100 жылдыгын белгилөө саамалыгы жокко чыгарылат.
1926-жылдын бу күнү ыргызстандын борбору Пишпек шаары тарыхый аталышынан ажырап, Фрунзе болуп өзгөрүлгөн.
1953-жылдын бу күнү “Мугалимдер газетасынын” биринчи саны жарык көргөн. Гезит республикалык статус менен жалпы билим берүү тармагында иштеген мугадимдик кесип ээлерине методикалык жардам берүү максатын көздөгөн. Мындан тышкары гезит беттеринде мугалимдик кесиптин баалулугу, анда жетишилген ийгиликтер даңазаланган. “Мугалимдер газетасы” жалаң эле окутуучулар эмес жалпы кыргыз интеллигенциясынын сүймөнчүнгүнө айланып, ал аркылуу нечен адистер калемин такшалткан деңгээлге жетишкен. Азыркы тапта ал гезит “Кут билим” аталышы менен жарык көрүүдө.
Мындан туура бир жыл мурун Нарын областынын Атбашы районунда абал фронттогу абалды элестетип, райондун мамлекеттик администрация мекемеси колдон колго өтүп турду. Адегенде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Накен Касиевдин тарапкерлери администрация мекемесин алып, акимди кызматынан кетиришсе, андан акимчилик депутат Аскар Салымбековдун жактоочуларынын колуна өттү.
Бу күнү Ички иштер министрлигине караштуу кызмат кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиев киши колду өлтүрүлгөнү маалым болду.
Бу күн орус куралынын жеңиши катары белгиленет. 1242-жылдын 5-апрелинде Александр Невский баштаган орус жоокерлери Чуд көлүндө немец рыцарларын талкалашкан.