Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Баткен облусу менен Тажикстандын Согду облусунун жетекчилери жолугушту


БАТКЕН. Бүгүн Баткенге Согду облусунун башчысы Касым Касымов баштаган делегация келди. Алар Баткен облусунун башчысы Султан Айжигитов менен жолугушуп, анда тажик – кыргыз алакасы, пикир келишпестиктер жана башка орчундуу делген маселелер боюнча сүйлөшүү жүрдү. Жолугушууну расмий бөлүгү эки облустун башчыларынын бири бирине тон кийгизишүүсү менен аяктады. Ошондой эле тажик тарап Баткен аймагындагы тажик тилинде окутулган мектептер үчүн 4000 даана окуу китептерин облустук билим берүү бөлүмүнө тапшырды. Аягында тажик чиновниктеринин урматына сый тамак уюштурулуп, казан кайнап, бир малдын эти тартылды.

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 8-апрелден 10-апрелге чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшөт. Республиканын түштүгүндө дарыяларда суу ташкыны күтүлөт.
10-11-апрелде Чүй, Талас облустарында жана Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында 0... -5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк гүлдөп калган бак-дарактарга өз залакасын тийгизиши ыктымал.

8-апрелде Кыргызстанда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +11...+16 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...+5, күндүз +9...+14 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +10...+15 градус .
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +12...+17 градус.
Нарында түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +9...+14.
Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +13...+15 градус болот.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG