Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

АТУУЛДАР БИЙЛИК МЕНЕН КЫЛМЫШТУУЛУКТУН БИРИГИП КЕТКЕНИН АЙЫПТАШУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек 8-апрелде Бишкекте бир катар саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар уюшкан кылмыштуулукка, бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн биригип кетүүсүнө каршы жөө жүрүш өткөрдү. Ак үйдүн алдында пикетчилер президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Куловдун чыгышын талап кылышты.

Борбор калаадагы митингке Демократиялык күчтөрдүн элдик коалициясы, ондогон бейөкмөт уюмдар, Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары, шаар тургундары чыгышты. Алардын башкы талаптары өлкөдө конституциялык реформаны жүргүзүү, сот ситемасын реформалоо, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө бйилик органдарына келүүгө жол бербөө, мыйзамдуулукту сактоо болду.

Жөө жүрүш Бишкектин 10 кичи районунан башталып, «Атуулдар стабилдүүлүктүү талап кылышат!», «Кылмыштуу дүйнө менен сүйлөшүү болбосун!», «Өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылабыз!» деген сыяктуу ураандар менен коштолду.

Пикетчилер Байтик баатыр көчөсү менен Алатоо аянтына келишти. Аянтта митинг өткөрүлүп, бир катар саясатчылар, атуулдук коомдун өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Урматтуу мекендештер! Мындан бир жыл мурда сиздер Акаевдин авторитардык режимин кыйратуу процессин баштагансыздар! Сиздер заман алмашышын каалагансыздар! Бирок, тилекке каршы адам гана аламашып калды. Ал эми заман, тартип ошол бойдон калды. Эл коррупцияга, теңсиздикке каршы күрөшкөн. Адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка күрөшкөн проблемалар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Бийлик атуулдарды угуш керек. Кыргызстандын тагдыры сиздердин колуңуздарда! , - деди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев.

-Мына ынклаптан бери бир жыл өттү. Акаевдин жамандап отуруп, ошону менен бир жыл бүттү. Азыр бул өкмөт өз ишин көрсөтсүн, билгенин көрсөтсүн, адамдардын турмушунда өзгөрүүлөр болсун. Азыр эл ушул бийлик ишти канчалык алып кете турганына күмөн. Эл ошону айтканы ушул аянтка келди,- деди март ыңкылабынын башында турган саясатчылардын бири Роза Отунбаева.

Билим берүү министри Досбол Нур уулу бийлик өлкөдө стабилдүүлүк болушуна, мыйзамдуулук сакталышына бүт күч-аракетин жумшап жатат деген көз карашта:

Сынчыга сындаган жеңил. Кандай айтса жараша берет. Жалпы өкмөткө карата айтылган нерселерди мен кабыл ала албайм. 15 жыл ичи талкалагандан нерсени бир жылда кайра калыбына келтирүү – сыйкырчынын да колунан келбеген нерсе. Бирок, өкмөт тарабынан көп иш жасалып, түзөлүп, бүтөлүп жатат. Менин оюмча, алдыда ийгилик болот .

Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев да 24 –марттагы ыңкылапта коюлган талаптар аткарылган жок деп эсептейт:

-Март ыңклабынын башкы талабы – конституциялык реформа болгон. Бирок, ал токтоп калды. Өлкөдө мыйзамдуулук да жакшы сакталбай жатат, кадр саясатында көп кемчиликтер бар..

Социал-демократиялык партиянын төрага орун басары Мелис Эшимканов элдин алдына президент Курманбек Бакиев чыксын деген талабын айтты:

Курманбек Салиевич, келип кетиңиз! Бул жакта өзүңүздүн шайлоочуларыңыз турат. Өзүңүздүн жүзүңүзгө карап туруп, биз чындыкты айткыбыз келет .

Мелис Эшимкановдун талабы нааразылык акцияга чыккандар тарабынан колдоого алынып, митингчилер Алатоо аянтынан Ак үй жака карай жылышты. Алар президент менен премьер-министрдин чыгышын талап кылып турушту. Элдин алдына мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов чыгып, сөз сурады. Бирок, ага сөз берүүгө көпчүлүк каршы болуп: «Президент чыксын!», «Бакиев! Бакиев!» деген ураандарды кыйкырып турушту. Президент менен өкмөт башчы чыкпаган соң, митингдин катышуучулары андан ары Чүй проспектиси менен бир аз жылып, тарап кетишти.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов Бишкекте 29-апрелде кайрадан тынч митинг болоорун жарыялады.

XS
SM
MD
LG