Жыргалбек Турдукожоевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Эдил Байсалов кеңсесинин жанына келгенде бир катуу үн чыккан жана ал жерге кулап түшкөн. Кийими канга боёлгон Эдил Байсаловду улуттук госпиталга алып барышып, ал жерде ага операция жасалды.
Операция алдында Э.Байсалов депутат М.Эшимкановго жана Ө.Суваналиевге болгон окуяны айтып берген. Ө.Суваналиевдин "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, учурда кылмыш иши козголду, атайын топ түзүлүп, иликтөө иштери башталды.
Депутат Мелис Эшимканов бул окуяны Эдил Байсаловдун укук коргоочу катары иши менен түздөн-түз байланыштуу экенин жана анын кылмыштуулукка каршы активдүү күрөшүп жатышы менен байланыштыраарын айтты.
"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициянын директору Жыргалбек Турдукожоев дагы бул окуяны Эдил Байсаловдун соңку убакта кылмыштуулукка каршы коомдук ишмер катары жүргүзгөн иш-чараларына байланыштараарын баса белгиледи.
Эдил Байсаловго, соңку маалыматтар боюнча, операция жасалды, анын баш терисинде чоң оюк бар экени аныкталды.