Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

ПАРТИЯЛЫК ИШМЕРДИГИН ТОКТОТУУГА МИНИСТРЛЕРДИН БААРЫСЫ ЭЛЕ МАКУЛ ЭМЕС


Аманбек Жапаров,Бишкек Президент Курманбек Бакиевдин партиялык саясий ишмердигин токтотпогон министрлердин өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө тийиш деген талабы, айрым саясатчылардын пикиринде, Конституцияга ылайык келбейт.

Премьер-министр Феликс Кулов өз калоосу менен «Арнамыс» партиясын жетектөөдөн баш тарткандан аз убакыт өтпөй эле президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигиндегилерди мүчө болгон саясий партиялардын катарынан чыгууну талап кылды. Өлкө башчысы: «эгерде бул талап 13-апрелге чейин аткарылбаса, анда аткаруу бийлигиндеги партия мүчөлөрү өз каалоосу менен кызматтан кетүүсү керек,- деп айткан. Анын мындай кадамга баруусуна Өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев жетектеген Социал- демократиялык саясий партиясы азыркы бийликти сынга алуусу себеп болду, дешет айрым байкоочулар. Президенттин мындай талабынан кийин саясий партиянын катарынан бир катар жетекчилер өз калоосу кетишкенин билдиришүүдө. Социал-демократиялык партиясынын мурдакы лидерлеринин бири Акылбек Жапаров Президент тараптан ушундай саясий талап коюлгандан кийин өкмөттүн мүчөлөрү бир чечимди кабыл алышы керек деп билдирди.

Анын партиялашы, парламент депутаты Мелис Эшимканов министр Алмаз Атамбаев Социал-демократиялык партиясынын мүчөлүгүнөн чыкпагандыгын билдирди:

- Бизде мамлекеттик кызматчы жөнүндө мыйзамда, Конституцияда президенттин өзүнөн башка сот, прокуратура, тартип коргоо кызматкерлери, улуттук коопсуздукта иштегендер, аскер кызматындагылар саясий партиянын мүчөсү болууга укугу жок. Ал эми калган аткаруу бийлигиндегилер партия катарында болбошу керек деген мыйзам жок. Менимче президент Курманбек Бакиевдин акыркы талабы туура эмес. Ошон үчүн Алмаз Атамбаев Социал – демократиялык партиясынын катарынын чыккан жок. Министрликтен да кеткен жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев президенттин мындай талабын колдой тургандыгын билдирди. Анын айтымында, министрлер экономиканы көтөрүү үчүн аракет кылышы керек. Ал эми партия катарындагылар саясат менен алектенгендиги жөндүү.

«Кыргызстан» улуттук патриоттук кыймылынын теңтөрагасы Болот Байгожоевдин көз карашында президенттин аткаруу бийлигиндеги жетекчилерди саясий партиянын катарынан чыгаруу талабы Конституцияга каршы келет.

- Мен ойлоп атам, бул президент Курманбек Бакиевдин жеке кызыкчылыгы. Тескерисинче саясий партияларды өнүктүрүп, иш аракеттериңерди мыйзамдын чегинде жүргүзгүлө дегендин ордуна, жетекчилерди партиянын катарынан чыгаруу талабы туура эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев президенттин талабына ылайык «Жаңы Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү болуп жүргөн акимдер, губернаторлор, айрым жетекчилер да партия мүчөлүгүнөн же кызматтан кетиши керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG