Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

29- апрелдеги митингдин чиймеси мэрияга тапшырылды


БИШКЕК. 29-апрелде боло турган тынч митингдин уюштуруучулары кечээ Бишкек мэриясына митингдин жүрүшүнүн схемасын тапшырышты. Митингдин катышуучулары шаардын ар кайсы бурчунан борбордук аянтты көздөй жөнөшөт. Атамекен, Арнамыс партияларынын, атуулдук коомдун өкүлдөрү Горькийдин эстелигинин алдына топтолушат. Социал- демократтар жана Аламүдүн, Ысыката райондорунан, Токмоктон келгендер Жеңиш аянтына чогулушат. Демократиялык күчтөр коалициясынын жана Москва, Сокулук районунун өкүлдөрү Жаш Гвардия гүлбагы тараптан келишет. Митинг саат 11де башталаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG