Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

БАТКЕН : КУРАЛЧАН ТОПТУ ЖОК КЫЛУУ ОПЕРАЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ


Кубатбек Чекиров, Бишкек Кыргызстандын чегарачылары жана милициянын атайын аракеттеги топтору бүгүн таң эрте Кыргызстандын чегарасын бузуп өткөн куралдуу топту жок кылуу операциясын жүргүзүп башташты. Кадамжай районунун борбору Пүлгөн айылына жакын жердеги тоо арасында куралчан топ менен кыргыз чегарачыларынын ортосунда атышуу жүрүп жатат. Куралчан топтун ичинен бир адам жок кылынды. Бул жөнүндө «Азаттыкка» бүгүн Кыргызстандын Чегара кызматынын башкы командачысынын орун басары Садырбек Дубанаев билдирди.

Садырбек Дубанаевдин айтымында, Тажикстандын Исфара районундагы Ляккан чегара постуна алты адам кол салып, он тогуз автомат, бир пулемет, төрт миңдей ок дарыларды алып, куралданып, Кыргызстандын Баткен областына өтүп келишкен. Кыргызстандын Актурпак чегара постунда кыргыз чегарачылар менен кездешкен кезде атышуу болуп, кыргыз тараптан эки адам окко учуп кайтыш болду. Набыт болгондордун бири бажы кызматкери, бири жөн жай жүргөн адам болуп саналат.

Куралчан топ «Мерседес» автомашинасы менен Кадамжай тарапка бет алган. Кыргыз чегарачылары кууп жеткенде, алар из жашыруу үчүн машинасын таштап тоо таянып качып кетишкен. Алар таштай качкан «Мерседес» автоунаасынан 17 автомат, бир пулемет табылган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери менен кыргыз чегарачылары биргелешип, куралдуу кылмыштуу топту жок кылуу аракетин көрүп жатышат.

Садырбек Дубанаевдин айтымында, куралчан топ менен кыргыз чегарачыларынын ортосунда атышуу Пүлгөндүн жанындагы Тамаша айылынан сегиз километр алыстыкта тоонун арасында жүрүп жатат. Куралдуу топтун арасынан бир адам жок кылынды.

Бүгүн күндүзгү саат ондон кийин ИИМдин, Коргоо министрлигинин атайын даярдыктагы аскер тобу Бишкектен бир вертолет менен окуя болуп жаткан жерге жөнөп кетти.

Кыргызстандын Чегара кызматынын жетекчилеринин колундагы маалыматка караганда чегараны бузуп өткөн куралчан топтогу адамдар Тажикстандын атуулдары болуп саналат, бирок алардын эмне максат менен келгени, мурдагы чоо жайы тактала элек.

XS
SM
MD
LG