Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

ИРАН МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮДӨ ООГАНСТАН ДА ОРТОМЧУ БОЛУУГА КЫЗЫКДАР


Нарын АЙЫП, Прага 15-май күнү Брюссель шаарында Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Иран маселесин талкуулады. Министрлер Иранга жаңы сунуш менен чыкты жана Тегеранга аскерий эмес өзөктүк технология берүүгө убада кылды.

Ал тууралуу Биримдикке төрагалык кылган Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник минтип билдирди: "Эгерде биздин жана эл аралык коомчулуктун талаптары аткарылса, Тегеран менен кызматташуу боюнча атайын программа иштеп чыгып, Ирандын аскерий эмес, алдыңкы үлгүдөгү өзөктүк программаларын колдоого биз даярбыз", - деди Плассник.

Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттакинин айтымында болсо, кандай болбосун кызматташууга Иран дайым даяр жана Биримдик тарабынан жардам сунушталып жатканын кубаттайт, бирок эл аралык коомчулуктун эч кандай талаптарын кабыл албайт жана кандай болбосун талапты четке кагат.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши маселени 19-май күнү караш керек. Уюмдун баш катчысы Кофи Аннан кечээ күнү Сеул шаарынан сүйлөп, Европа Биримдигинин дипломатиялык демилгесин колдоду. Анткен менен Аннандын жекшемби күнү АКШга жасалган кайрылуусун Вашингтон четке какты. Кофи Аннан Вашингтонго - Иран менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган. Президент Жорж Буштун коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Стивен Хэдлинин айтымында, андай сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө Бириккен Улуттар өтө ыңгайлуу жер.

Бирок Европа жана Бириккен Улуттардан башкалар да демилге көтөрүп жатат. Июнда Тегеранга кызмат сапар менен ооган президенти Хамид Карзай келүүгө тийиш, сүйлөшүүлөр учурунда Ирандын өзөктүк программаларынын чыккан маселе талкууланаары күтүлбөйт, бирок өлкөнүн жаңы дайындалган тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спанта кечээ күнү "Азаттыктын" ооган кызматына интервью берип, бул маселеде Ооганстан ортомчу болууга даяр деп билдирди:

-"Иран менен АКШ ортосундагы чыңалган мамилелерди жөнгө салып, маселени эл аралык мыйзамдардын чегинде чечүүгө көмөктөшүүгө биз кызыкдарбыз. Ортомчу болууга бизге эч ким сунуш кылган жок, бирок биз бул маселени чечүүгө кандайдыр бир салым кошкубуз келет. Эгер бир тараптан башка тарапка кабар жеткирип же бир башка нерсе жасаш керек болсо, биз дайым даярбыз", - деп билдирди ооган министри.

XS
SM
MD
LG