Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

АЛ-ХАДИТТЕГИ КЫЯНАТ ИЛИКТЕНЕ БАШТАДЫ


Президент Буштун администрациясы Ирактын Ал-Хадит шаарындагы окуяны иликтөөгө киришти. Былтыр ноябрда бул жерде жыйырма төрт киши, алардын арасында аялдар, жаш балдар жайран болгон эле. Америкалык аскери өкүлдөр муну козголоңчулар жасаган иш деп түшүндүрүшкөн. Бирок журналисттер бейжазык адамдарды америкалык солдаттар атып салганын аныктап чыгышты. Иштин чоо-жайын азыр Ирак өкмөтү да өз алдынча иликтеп жатат.

Америкалык гезиттерде жарыяланган макалаларда былтыр 19-ноябрда Ал-Хадитте жол көбөөлүнө көмүлгөн бомбадан америкалык бир жоокер мерт болуп, буга жаалданган солдаттар жергиликтүү тургундардын жоон тобун атып салышканы айтылат. Бул кыянатка катышкан жоокерлердин бири “Лос-Анжелес таймс” гезитиндеги маегинде атылган адамдарды сүрөткө тартып алганын, алардын арасында аялдар, жаш балдар болгонун ырастап, ошол ойрондуу иш алигиче жүрөгүн өйүп, түн уйкусун алып жүргөнүн моюнга алган.

Эгер бул фактылар тастыкталса,америкалык бир канча жоокерге сот алдында жооп бергенге туура келет. Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу Ал-Хадиттеги ишке катыштыгы бар солдаттар азыр тергөө органдарында көрсөтмө берип жатканын маалымдады. Ал ошондой эле президент Буш бул ишти тергеп-териштирүүнү коргоо министрлигине табыштаганын, Пентагондон болсо иликтөө ишинин жыйынтыктары коомчулукка жарыя кылынарына ишендиргенин кошумчалады.

Мурдагы деңизчи-жоокер, Ирактагы согуштун белгилүү сынчыларынын бири демократ-конгрессмен Жон Муртанын айтымында, Ал-Хадитте аскери кылмыш жасалган. Бу окуяны ал “Абу Грейб” түрмөсүндөгү кыянатчылыктан ашса ашат, асты кем калбайт деп баалады. Мурта мындай ишти кечирүүгө болбой турганын айтып, иликтөөнү эки-үч аптанын ичинде бүткөрүүнү, анын жыйынтыктарын элге жарыялап, айыптууларды жоопкерчиликке тартууну талап кылды. Сенаттын аскери иштер боюнча комитет төрагасы сенатор Жон Уорнер Ал-Хадиттеги кыянатка байланыштуу атайын талкуу өткөрүп, күбөкерлердин көрсөтмөлөрүн, бийлик өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угууну пландаштырууда. Ак үйдүн өкүлдөрү болсо азырынча окуяга кескин баа берген эртелик кыларын, баарын тергөө иши аныктай турганын айтышууда.

Ал-Хадиттеги окуяны Ирак бийликтери да өз алдынча иликтеп чыгууну чечишти. Премьер-министр Нури ал-Малики “жаңылыш операциянын” айынан бүтүндөй бир үй-бүлөнүн кырылып калышын чектен чыккан иш таризде баалады. Кабинет башчысынын айтымында, жаңылып-жазбаган эч ким болбойт, бирок мунун да чеги болот, андай чектен ашканда мындай каталыктар атайылап жасалган карасанатайлыкка айланат. Ал-Малики өкмөт Ал-Хадиттен башка да жерлерде болгон ушундай иштерди тергеп-териштирип чыгарына, алар жаңылыштыктан жасалган күндө да күнөөлүүлөр жоопкерчиликтен кутула албай турганына ишендирди.

XS
SM
MD
LG