Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

КУЛОВ КҮЧТҮҮ ПРЕЗИДЕНТ-КҮЧТҮҮ ПАРЛАМЕНТ СИСТЕМАСЫН ЖАКТАЙТ


Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов иштеп аткан Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун жарыя кылды. Күчтүү президент, күчтүү парламент болушун жактырган өкмөт башчынын долбоорунда премьер-министрди Жогорку Кеңеш дайындайт.

Феликс Кулов Конституцияны кайрадан жаңыдан жазып чыгууну жактырбастыгын Башмыйзамга киргизилчү өзгөрүүлөр тууралуу кошумча түшүндүрмөсүндө баса белгилеген: «Менин негизги сунушум – бекем бийлик системасын түзүү, күчтүү президент менен күчтүү парламент болушу абзел. Анын үстүнө парламент премьер-министрди дайындап, өкмөт ишинин жоопкерчилигин өзүнө алат»,- дейт Ф. Кулов.

Негизи башкаруунун президенттик, парламенттик формасынын кайсынысы жакшы, кайсынысы жаман, болбосо азыркыдай аралаш системанын артыкчылыгы эмнеде, деген суроого жөн жай адам эмес, укукчулардын өзү да так жооп бере албасын Ф.Кулов такай айтып келатат.

- Сөзсүз конституциялык реформаны жасоо керек. Менин бул маселе боюнча позициям момундай: азыркы этапта башкаруунун парламенттик же президенттик формасы тууралуу кеп кылбаш керек. Атүгүл адистер да буга так жооп бере алышпайт. Башка нерсе тууралуу айтуу зарыл. Өкмөттү ким дайындайт, парламентпи же президентпи? Парламент кандай жол менен шайланат, партиялык тизме мененби? Жеңишке жетишкен көпчүлүк партия өкмөттү түзө алабы же аткаруу бийлигин президент түзөбү - мына ушулар жайында кеп кылуу керек.

Феликс Куловдун ырасташынча, аткаруу бийлигин кимдер түзөрү, анын кандайча дайындалары өлкөдөгү демократияны аныктайт, бийлик бутактарынын бир адам өмгөгүнө салынбай, ортодогу тең салмактуулукту кармайт.

«Реформалар үчүн» коомдук кыймылынын мүчөсү Анвар Артыков Ф.Куловдун президенттик бийликти баштагы калыбында калтырганына, парламентке премьер-министрди гана сунуштоо милдетин ыроологонуна түшүнбөстүгүн жашырган жок.

- Бул киши мурдатан эле парламенттик болсун деп жаткан. Анан эле президенттик система болсун деп калыптыр. Буга мен комментарий бере албайм. Эмнеликтен бу кишинин пикири өзгөрүп калганын мен айта албайм.

Президент К.Бакиевдин жарлыгы менен ушу тапта жаңы Конституциянын долбоору даярдалууда. Жумушчу топтун жетекчиси, парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун жаңы Башмыйзам мамлекеттик тилде, нака кыргызча жазылып жатканын жарыя кылган жайы бар. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Конституция кайсы тилде жазылса да укуктук түшүнүк, терминдер так аныкталып, эки ачакей түшүнүүгө, колдонууга жол бербеши керек деген пикирде.



Конституциялык реформа жаңы бийлик башчылары менен каршылаштарынын ортосундагы чоң саясий талашка айланууда. Өткөн жылкы конституциялык кеңешме майнапсыз аяктагандан кийин президент К.Бакиев ириде башкаруунун кандай формасын тандоону эл менен кеңешип аныктоо зарылдыгын айтып чыккан. Жаңы бийликчилердин көөнү президенттик башкарууга ооп калганын көрүп «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын жетекчиси Кубатбек Байболов парламенттик, ага улай президенттик башкаруу системасын камтыган эки Конституция долбоорун сунуш кылган. Феликс Куловдун долбоору Башмыйзамды жаңыдан жазып жаткандардын жактыруусуна ээ болобу же жокпу, аны азырынча так айтыш кыйын.

XS
SM
MD
LG