Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

АЛМАНИЯДА ФУТБОЛ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Алманияда футбол боюнча 18-дүйнөлүк чемпионат башталды. Ага 32 улуттук команда катышууда, биринчи оюн 9-июнда Мюнхен шаарында өттү, финал болсо туура бир айдан кийин, 9-июлда Берлинде болот.

Бир айга улана турган чемпионаттын оюндары Алманиянын 12 шаарында өткөрүлөт. 9-июнда Мюнхен шаарында Алмания менен Коста-Риканын командалары биринчи оюнду ойногондо, стадионго немис канцлери Ангела Меркель жана Коста-Риканын президенти Ариас Санчес да келишти, чемпионатты болсо Алмания президенти Хортс Көллер ачты. Меркелдин айтымында, ал Алмания ойногон бардык оюндарына келүүгө аракеттенет.

Сыналгы аркылуу оюндарды дүйнөнүн эки жүздөн ашык өлкөсүндө жашаган бир жарым миллиард адам көрөт, финалды көрүү үчүн болсо көгүлтүр экрандар алдында 250 миллион адам чогулат. Бардыгы болуп 64 оюн ойнолот, аларга бөлүнгөн үч миллион 200 миң билеттин дээрлик бардыгы алдын ала сатылып кетти жана ФИФА деп аталган футбол боюнча эл аралык федерация ал билеттерди сатуудан бир миллиард 820 милион евро тапты.

Отуз эки команда төрттөн болуп сегиз группага бөлүнгөн жана группанын ичиндеги командалар баары бир-бири менен ойнойт, алдыңкы эки орунду ээлегендер кийинки айлампага чыгат. Чемпиондукту утуп алууга жөндөмдүү деп Алмания, Англия, Аргентина, Бразилия, Испания, Италия, Португалия жана Франция командалары аталууда.

Уюштуруучулар коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурууда. 1972-жылы Мюнхен шаарында Олимпиада өткөрүлгөндө араб террорчулары израилдик спортчуларды барымтага алып, 11 адамды өлтүргөн. Азыркы чемпионат учурунда коопсуздукту 350 миң немис полициячысы камсыз кылууда жана Алманияга - чемпионатка катышкан өлкөлөрдүн баарынын полициячылары жардамга чакырылды.

Өлкөнүн Федералдык криминалдык комитетинин аткаруучу жетекчиси Отмар Соукаптын айтымында, диний негизде мүмкүн боло турган террордук аракеттердин алдын алууга бардык чаралар көрүлүүдө."Албетте, биздин көңүл эң биринчи кезекте исламдык террорчулукка жана чет өлкөлүктөргө каршы болгон маанайды жок кылууга бурулат, анткени Алманияда жана бардык эле дүйнөдө азыр андай маанай жалпысынан бар. Бирок мен бир нерсени ачык айта кетиш керекмин: исламдык терроризм менен байланышкан эч кандай коркунуч азырынча жок", - дейт Соукап.

Чемпионат оюндарына көптөгөн атактуу адамдардын келээри да күтүлүүдө. Испания падышасы Хуан Карлос Алманияга келип, бир нече оюнду көрө турганын айтты, Швециянан падышасы Карл Густав аялы Сильвия менен кошо келээрин билдирди, 10-июнда Франкфурт шаарында Англия менен Парагвай ойногонун Британия ханзадасы Уильям келип көрөт, 18-июнда Нюренберг шаарында Жапония менен Хорватия ойногондо, ал оюнга Жапония каныкеси Такамадо келээри күтүлүүдө, Түштүк Кореянын оюндарына премьер-министр Хан Мен Сук келмей болду, Иран командасы экинчи айлампага чыкса, Алманияга президент Махмуд Ахмадинежад келиши мүмкүн. Бразилиянын бардык оюндарына атактуу жазуучу Паоло Коэльо катышаарын билдирди.

Оюндар учурунда эң көп хулигандыкты Англия менен Польшадан келген күйөрмандар көрсөтөт деп күтүлүүдө жана аларга каршы атайын чаралар даярдалып жатат.
XS
SM
MD
LG