Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН КЫТАЙГА РАСМИЙ САПАРЫ АЯКТАДЫ


Президент К.Бакиевдин Кытайга расмий сапары учурунда кызматташуу тууралуу 14 документке кол коюлган. Кыргызстан Кытай менен экономикалык алака-катышка кызыкдар. Кытай жетекчилиги террорчулук, бөлүп-жаруучулук, жанкечтиликке каршы биргелешип күрөшүүнү сунуштады.

Курманбек Бакиевдин Кытайга иш сапарынын саясий бөлүгүнүн урунт учурлары деп чегара, коопсуздук маселелери боюнча биртоп документтерге кол коюлушун айтса жарашат. Кыргыз-кытай жетекчилиги биргелешкен билдирүүдө эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси толук, айныксыз чечилгенин ырасташты. Талаштын жемине айланып келаткан Үзөңгүкууш мындан ары козголбойт, такталган чекара жаңыланып чийилген картасы менен бекитилгени тастыкталды.

Кыргызстан жетекчилиги расмий Бээжин бийлигин ыраазы кылып, талаштуу Тайванды тааныбай тургандыгын, бу чалкеш маселеде расмий Бээжинди толук колдой турганын ырастады. Эларалык террорчулук, жанкечтилик, бөлүп-жаруучулукка каршы да катуу күрөшүү ниетин билдирди.

Бөлүп-жаруучулук – сепаратизмди Кытайда уйгур маселесине, анын таламын талашкан “Чыгыш Түркстан” уюму менен жумгакташтырып карайт. Кытай жетекчилиги эларалык террорчул уюм деп баалаган бөлүп жаруучуларга каршы күрөштү биргелешип жүргүзүү зарылдыгы ырасталып, эки өлкөнүн эгемендиги менен коопсуздугуна үчүнчү бир мамлекеттин коркунуч келтиришине жол бербөө жайында да макулдашууга жетишилди.
Коопсуздук менен эгемендикке коркунуч дегенде ириде расмий Бээжин Кыргызстанда жайгашкан АКШ аскерий аба базасын эсине алары турулуу иш. Декларациядагы “үчүнчү бир өлкөнүн” деген туюнтмасы Ганси аскерий базасына барып кадалары бадырайып эле ачыкка чыгып турат.

Айтса, өткөн жылкы Шаңхай кызматташуу уюмунун Астана жыйынында да ушул маселе козголгон. Ооганстандагы абал жайына келип калганы айтылып, Кыргызстандан АКШ аскерий аба базасын алып чыгып кетүүнүн убакты-саатын тактап алуу сунушталган. Кыязы, эки күндөн кийин өтчү Шаңхай кызматташуу уюмунун 5 жылдык мааракесинде да мына ушул Кытай үчүн кытыгылуу маселе дагы бир ирет козголот окшоп калды. Маараке-жыйында коопсуздук маселеси тууралуу чоң кеп болорун Кыргызстандын Тышкы иштер министри А.Жекшенкулов да ырастайт.

- Коопсуздук маселелерди, экономикалык маселелерди, анан кызматташууну кантип күчөтүү маселелери талкууланат.

К.Бакиевдин Кытайга расмий иш сапарынын экономикалык жыйынтыгы Кытай өкмөтүнүн Өзбекстан, Кыргызстан аркылуу Шаңхайга өтчү эларалык темир жолдун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, Кашкарга барчу автожолду оңдоп куруу, буга кошо Кызылкыядагы цемент заводунун курулушуна кредит бөлүү болду окшойт. Президенттик басма сөз кызматынын жетекчиси Д.Эсеналиевдин айтуусунда дагы башка маданий багыттагы кызматашууну тереңдетүү боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрдү,келишимдерге кол коюлду.

Алысты мелжеген Кытай ушу тапта укурукту узун ыргытып, Борбор Азия республикалары менен ысык ымала түзүп, чөлкөмдөгү таасирин күчөтүү аракетин экономикалык-саясий кызыкчылыктарына шайкеш жүргүзүүдө. Ичара ынтымагы жок чөлкөм Бээжиндин жылуу сөзүнө эрип, анын айткан-дегенин эки кылбаган өнөктөштөрүнө айланууда.

XS
SM
MD
LG