Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

МАГАТЭ ИРАНДЫН ИШИН ТАЛКУУЛАЙТ,БИРОК ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛБАЙТ


Венада кечээ атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин – МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин кезектеги жыйыны башталды. Уюмга кирген отуз беш өлкөнүн өкүлдөрү күн тартибиндеги башка маселелер менен бирге Ирандын ядролук программасына байланышкан жагдайды да талкуулайт, бирок бул проблема боюнча эч кандай чечим кабыл алынбайт. Жыйын ачылар алдында Евросоюз иран кризисин жөнгө салууга арналган дүйнөлүк алты өлкөнүн сунуштарына Тегерандан ушул аптада жооп күтүп жатканын билдирди.

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин кезектеги сессиясын ачып жатып, мекеменин башкы директору Мохаммед ал-Барадей да Иранды өзүнүн улуттук атом программасына байланыштуу пайда болгон бардык суроолорго ачык жооп бергенге чакырды. Башкы директордун жыйында таркатылган докладында Иран баштагыдай эле уран байытуу ишин улантып жатканы белгиленет. Докладды башкаруучулар кеңешинин мүчөлөрү аптанын орто ченинде барып талкуулаганы жатат, баары бир бу маселеде МАГАТЭ кандайдыр бир чечим кабыл албайт.

Венадагы жыйынга удаалаш Евросоюздун тышкы саясатынын жетекчиси Хавер Солана дүйнөлүк “алтылык” өзүнүн сунуштарына Тегерандан ушул аптада жооп күтүп жатканын билдирди. Өткөн аптанын этегинде АКШ президенти Жорж Буш да Иранга бул үчүн чектелүү мөөнөт – бир нече ай эмес,бир канча апта гана берилгенин эске салып, эгер Тегеран өкмөтү атомдук программасын токтотпой турган болсо, Коопсуздук кеңешинде ага каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен эле.

“Алтылык” Тегеранга жолдогон документтин мазмуну алиге чейин коомчулукка жарыя кылына элек. Болгону Ирандын улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Али Ларижани жаңы демилгелер тизмесинде позитивдүү сунуштар,мисалы,Иранга ядролук реактор берүү каралганын белгиледи. Тегеран өкмөтү азыр алардын баарын кунт коюп карап жатат. Ошол эле учурда,Ларижанинин айтымында, документтин Ирандын каршылыгын пайда кылган жерлери да бар. Атап айтканда,уран байытуу ишине байланышкан негизги пункттун ирандыктар эки ачакей мааниси бар деп эсептешет, ошондуктан бул жагдайды бир жаңсыл кылып түшүндүрүүнү “алтылыктан” суранмакчы. Тегерандык айрым ырасмий өкүлдөр Иран “алтылыкка” өзүнүн тосмо сунуштарын камдап жатканын да айтышкан эле.

XS
SM
MD
LG