Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

ЫСЫККӨЛ : КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ВАРИАНТТАРЫ ТАЛКУУДАН ӨТТҮ


Рита Нурмамбет кызы, Каракол Мамлекеттик башкаруунун бардык формалары боюнча иштелип чыккан Конституциялык долбоорлорду жумушчу топ он күн талкуулап, 15-июнда ишин жыйынтыктады.

5-15-июнь күндөрү "Кыргыз деңиз" санаториясында конституциялык үч долбоордун айланасында талаш-тартыш талкуу болду. Талкууну депутаттык корпустан Бекназаров, Бабанов, Масалиев, аткаруу бийлигинен билим берүү жана адилет министрлери, саясий партиядан "Эркиндик" партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, юрист, сот жана жарандык коомдун өкүлдөрү болуп 11 кишиден турган жумушчу топ өткөрдү. Жумушчу топтун жетекчиси Азимбек Бекназаров орток пикирге бирикпей, ачык калган маселелер боюнча мындай деди:

- Соттордун, депутаттардын, ошондой эле президенттин кол тийгистиги жөнүндө маселе жана жогорку сотто президиум деген инстанциясы калыш керекпи, калбашы керекпи, ушул маселелер ачык калтырылды. Калган маселе боюнча чечтик.

Азимбек Бекназаров мамлекеттик органдарды дайындоо жана принциптери толук өзгөртүлгөндүгүн төмөндөгүдөй чечмеледи:

- Сотторду мурда президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындачу. Азыр биз тийиштүү кеңештерге берип атабыз, Жогорку сотту Жогорку Кеңеш шайлайт, жергиликтүү сотторду жергиликтүү Кеңештер өздөрү шайлайт. Жогорку соттун төрагасын жогорку соттун мүчөлөрү өздөрү шайлап алат эки жылга. Ушундай түп тамырынан бери өзгөрүүлөр болду.

Жаңы Конституция боюнча Жогорку сот мүчөлөрүн эми атайын түзүлгөн улуттук кеңеш гана сунуш кылуу мүмкүнчүлүктөрү дагы аныкталды. Долбоордун үч түрүн сунуштоодо мамлекеттик тил маселеси курч талаштарды жаратты. Анткени өлкөдө алты тил болсун дегендер да чыккан:

- БУУнун да беш тилин кошолу, ошондо Кыргызстанда алты расмий тил болсун деген да сунуштар болду. Бирок добушка салганда БУУнун да, расмий тил да өткөн жок. Бир гана мамлекеттик тил калды.

Конситуциялык долбоорду талкуулоо боюнча жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаровдун айтуусунда башкаруунун президенттик, парламенттик жана аралаш формасын адистер талдап чыкканы менен ал дагы элдин элегинен өткөрүлүп, июль айынын аягында гана толукталып президентке сунушталат.

XS
SM
MD
LG