Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Айрым өкмөттүк эмес уюмдар энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы


Бир катар өкмөттүк эмес уюмдар энергетика тармагынын шашылыш түрдө менчиктештирүүгө каршылык билдирип чыгышты. «Интербилим» жана башка уюмдар «Энергетика тармагын менчиктештирүүгө жол жок» деген чакырыкты коюшууда. Президентке, өкмөткө жана парламентке жолдонгон кайрылууда «электр энергиясы жөнөкөй товар эмес, анын калктын турмушуна таасири күчтүү» деп айтылып, бул тармакты менчиктештирүүнү талап кылган эл аралык каржы уюмдарынын басымына туруштук берүү талабы коюлган. Өкмөттүк эмес уюмдар тармакка байланыштуу чечимди ачык жана коомчулуктун кеңири катмарынын катышуусу менен кабыл алууга үндөөдө.

XS
SM
MD
LG