Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Жогорку Кеңеш төрагасынын үч орун басары болот


БИШКЕК. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Маселени төрага Марат Султанов сунуштап, дагы бир орун басар зарылдыгын белгиледи. Төрага орун басарларын шайлоо парламентте эртең жүргүзүлөт. Өткөн жазда Өмүрбек Текебаев төрагалыктан кеткен соң анын бир орун басары Болот Шерниязов да бул орундан өз ыктыяры менен кеткен. Дагы бир орун басар Эркин Алымбеков да кетээрин жар салып, жаңы төрага шайланган соң орун басарлыктан кетүү оюнан айныганын билдирген. Бүгүн бир катар депутаттар Эркин Алымбековдун орун басарлык иши боюнча отчет берүүсүн да талап кылышты.

XS
SM
MD
LG