Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

ДЕКАБРГА ЧЕЙИН ӨКМӨТТҮН ЖАНЫ ТЫНБАШЫ КЕРЕК


Президент Курманбек Бакиев 19-июнда өткөн кеңешмеде министрлердин жана мекеме жетекчилеринин ишин катуу сынга алды. Мамлекет башчы декабрь айына чейин өкмөт мүчөлөрүн жайкы эс алууну токтотуп, ар биринен өз жумуш ордунда отурууну талап кылды.

Бул кеңешмеде мамлекет башчы министрлердин аз натыйжалуу иштери өлкөнүн өнүгүү процесстерине терс таасирин тийгизип, чет элдик инвестицияларды тартууга жолтоо болуп жаткандыгын белгиледи. Ошол себептен президент быйылкы жылдын декабрына чейин өкмөт мүчөлөрүнө эс алууга кетүүгө тыюу салды. Ал келерки жылга бюджетти иштеп чыгуу, калкты жылуулук менен камсыздоо, коогалуу райондордо турак жайларды курууга муктаж болгондорго ссудаларды берүү, түшүм жыйноо жана башка проблемаларды чечкенге чейин министрлер өздөрүнүн жумуш орундарында болууга тийиш экенин айтты.

“Эгерде мага бир эле министр декабрга чейин отпускага кеткендиги жөнүндө белгилүү болсо чара көрөмүн. Азыр эс алууга убакыт жок, иштеш керек», - деп баса белгиледи Курманбек Бакиев.

Мамлекет башчы койгон ушундай талаптар негиздүү дейт саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов:

"Менин оюмча туура талаптар болуп жатат. Азыр республикада ар кандай инфекциялар күч алып жатканда, “Манас таалими” программасын ишке ашырууда донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, мен өзүм деле эс алууга кетпейт элем",-дейт Шайлообек Ниязов.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенамановдун пикиринде, президент эмгек эс алууга кетпөө талабын койбогон күндө деле, министрлердин эс алууга кеткенге укугу жок:

”Биздин министрлер күзүндө эле дайындалбадыбы. “Эмгек кодексине” ылайык алар он бир ай үзгүлтүксүз иштөөгө милдеттүү. Жайында эс алууга кетүүгө укуктары жок. Ошондуктан президенттин талабы мыйзам чегинде эле болуп жатат", -деди Замирбек Эсенаманов.

Мамлекет башчы ошондой эле премьер-министрге жана президенттин администрациясынын жетекчисине чет өлкөлөргө барууга өкмөттүк делегацияларды түзүүдө катуу көзөмөл болуш керек экенин айтты. Ал министрликтер менен мекемеле кызматкерлеринен чет өлкөлөргө сапарларды кыскартууну талап кылды.

Адилет министри Марат Кайыпов бул маселе туура коюлду деген көз карашта: “Ар бир чиновник чет жакка сапар менен барып келгенде отчет бериш керек, деп президент талап кылып жатат. Албетте –бул туура маселе. Азыр белди бууп алып иштей турган учур, антпесе эртең кеч болуп калат",- деди Марат Кайыпов.

Депутаттар жана айрым министрлер президент тараптан коюлган мына ушундай талаптарды туура деп табышканы менен, мамлекет башчынын аткаруу бийлигин ушундай жол менен тартипке чакырганы, өлкөдө эч кандай өзгөрүүлөргө алып келбейт деген пикрилер да жок эмес.

“Президент курч талаптарды коюп жатыптыр. Бирок менин оюмча- бул жөн эле кожокөрсүнгө жасалган иштер. Президент “мен жакшы иштеп жатам”деп элге көрүнгүсү келип жаткандай сезилет. Ал эми министрлерге жана башка чиновниктерге эс алууга кеткенге тыюу салганы менен, ошол эле министрлер ар кандай шылтоолорду таап эс алууга кетишет. Дегеле ушундан бир майнап чыгат, өлкөдө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болооруна күмөн санайм. Мурдагыдай эле кала берет деп ойлойм”,-дейт шаар тургуну Салтанат Акматова.

XS
SM
MD
LG