Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

КУРШАБ: ТУЗБЕЛДЕГИ ШАЙЛОО АКЫРЫНА ЖЕТПЕЙ ТОКТОТУЛДУ


Мындай чечимге депутаттыкка ат салышып жаткан Санжар Кадыралиев менен Мамат Орозбаевдин тарапкерлеринин ортосундагы каршылашуу себеп болду. БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын маалымдаганына караганда, тирешүү бири-бирин таш бараңга алуу, автоунааларды талкалоо өңдүү аракеттер менен коштолгон. Чыр-чатакты ырбатпоо максатында Борбордук, облустук, округдук шайлоо комиссияларынын, тартип, коргоо кызмат жетекчилеринин, шайлоочулардын жана тараптардын өкүлдөрүнүн макулдугуна ылайык добуш берүүнү токтотуу чечими кабыл алынды. Мамат Орозбаев менен Санжар Кадыралиев макулдашуу протоколуна саат төрттөр чамасында кол коюшту,- деп билдирди Жылдыз Жолдошева.

XS
SM
MD
LG