Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

БУШ МЕНЕН СААКАШВИЛИНИН ЖОЛУГУШУУСУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кечээ Вашинштондо Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен Американын президенти Жордж Буштун жолугушуусу болду. Грузин президентинин визитинин алдында айрым аналитиктер бул жолугушуу менен Жорж Буш Грузиянын демократиялык өнүгүүсүнө жана андагы чечилбей келаткан проблемалардын жөнгө салынуусуна колдоо көрсөтөөрүн божомолдошкон. Бирок президент Буш жолугушуу маалында алдыда турган Чоң Сегиздик саммити туралуу сөз кылган жок.

Жолугушуудан кийин өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда Буш эки ортодогу сүйлөшүүдө бир топ проблемалар талкууланганын билдирди. АКШ президенти ошондой эле грузин өкмөтүн АКШ баштаган антитеррордук альянстын Ирактагы аракеттерине колдоо көрсөтөндүгү үчүн ыраазылычылыгын билдирди. Азыр Иракта Грузиянын 300 дөй аскери кызмат өтөөдө. Ошону менен бирге эле Буш Грузияны НАТОГО кабыл алууну колдой турганын билдирди.

"Грузиянын НАТОго киргенинен Грузиянын өзү да, НАТО дагы пайда көрөт деген ойдомун. Биз НАТОдогу партнерлорубуз менен Грузияны уюмга кабыл алуунун жеңилдетүүнүн жолдорун караштырабыз. Ан үчүн Грузия бир кыйла иштердин өтөсүнө чыгууга тийиш жана президент муну жакшы түшүнүп турат"- деди Буш.

Президент Буш ошондой эле грузин президентин өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн жасап жаткан аракеттери үчүн мактады:

"Мен президентти экономикалык өсүш үчүн жагымдуу жагдай түзгөндүгү үчүн куттуктаймын. Айрым ишкер тармактардын дүркүрөп өнүгүп жаткандыгы туралуу укканмын",- деди Буш.

Өз кезегинде Саакашвили президент Бушка Грузиядагы демократиялаштыруу процесстерине колдоо билдиргендиги үчүн ыраазычылыгын айтып, АКШнын Иракта демократияны орнотуу аракеттерине колдоо билдирди. "Суранам акыр -аягына чейин согушкула, биз силер тарапта болобуз",- деп ишендирип кетти Саашкашвили.

Ошону менен бирге эле Саашкашвили Грузиядагы экономикалык реформаларга учкай токтолуп, салыктарды азайтуу мыйзамы күчүнө киргенден бери салык топтоо көбөйгөндүгүн билдирди.

"Биөз салыктарды кескин азайттык, бирок мунун арты менен салык топтоону көбөйтө алдык. Салык менен өкмөттүн кийлигишүүсү азайгандыгы пайдалуу экенине ынандык,- деди Саакашвили.

Буш пресс-коференцияда алдыда Петербургда өтө турган чоң сегиздик саммити туурауу сөз кылган жок, бирок Саакашвили талкуулар учурунда көптөгөн маселелер сарэсепке салынып, Грузия менен Америка бирдей баалуулуктар менен принциптерди карманаары анык болгондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG