Жекшембинин таңында Иркутскиде жерге конуп атып кыйроого учураган аэробус курмандыктарынын сөөгүн таануу жумушу башталды. Айтылуу жазуучу Валентин Распутиндин кызы Мария да ошол рейс менен учан экен. Эртеси кызынын сөөгүн таанууга келген жазуучунун көзүнөн жашы көлдөй акты дешет…
Ошол эле 9-июлдун кечинде Сибирге бараткан дагы бир А310 аэробустун бир мотору иштебей калып ал да Симферопол шаарына конууга аргасыз болгон.
Дүйшөмбүдө болсо Симферополдун учактык майданына конуп атып Ту-134 учагы да кырсыкка учураган. Жүргүнчүлөрдүн арасында жарадар болгондор турасында агенттиктер жазышат. Кызык жери ал учактын ичинде Орусиянын согуш деңиз флотунун башкы буйрук берүүчүсү адмирал Владимир Масорин да болгонун белгилешет.
Ошол эле күнү дагы бир Уралдык компанияга тийешелүү Ту-154 абада баратканда бузулуп ара жолдо ал да Иркутскиге конууга аргасыз болгон.
Оор натыйжалуу окуя Иркутскиде кыйраган А310 аэробусу жөнүндө эксперттер айткан пикирлер ар кыл болууда. ИНТЕРФАКС агенттигине айткан жообунда учууну иликтөө институтунун жетекчиси Анатолий Квочур кырсык техниканын жешилип бүтүшүнөн улам пайда болгон деген:
«Машинени артка жүргүзчү (реверс – ММ) механизимдин чала иштеп же таптакыр керектен чыгып калышы башкы себеп болду деп эсептеймин», - дейт эксперт.
Мындай ойдун натуура экенин Башкортостан аба жолдорунун жетекчиси Винер Шакиров «Азаттыкка» берген маегинде айтты:
«Мен дайыма айтып жүрөмүн. Биз акылдуу машиналарды жасайбыз. Тилекке каршы, адам кээде өз машинасынын тилин билбей калат», - дейт Шакиров мырза.
Иркутскиде кыйраган аэробус боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын башчысы Игорь Левитин айтканга караганда: «учактын кыйрашына экипаждын кетирген катачылыгы деле себепкер болду».
2005-жылы Орусияда учактын абада экенде бузулуусу 12 жолу болуп алардын ичинен жетөө учактын кыйрашы менен аяктаган. Ал кыйроолордон өлгөндөр эсеби 56 кишиге жеткен эле.
Жекшемби күнкү Иркутскидеги А310 учактын кыйросунан жүздөн ашуун киши курман болушуту. Алардын үй бүлөсүнө бийлик 50 миңден рубл жана камсыздандыруу компаниясы 15 миң рубл жөлөк пул бермек болуп атат.