Санкт-Петербург калаасында дүйнөдө өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер жетекчилери биргелеше өткөрүп аткан олтурумдун негизги маселеси Жакынкы Чыгыштагы жагдай болгонун эксперттер белгилешүүдө. АКШнын президенти Жорж Буш алдыңкы күнү «Хезболланы» израилдик эки аскерди барымтага алып чыр баштаган деп шииттик топту күнөөлөгөн. Орусиянын президенти Владимир Путин болсо бул жерде Израилдин барымтадагы аскерлерин куткаруудан башка да максаты жатат деп айткан.
Олтурумда энергетика менен соода, саламаттыкты сактоо, коопсуздук, ошону менен катар Иран жана Түндүк Корей ядролук программаларын талкуулашкан. «Чоң сегиз» лидерлери талкууга алышкан маселелер боюнча тийешелүү документтер кабыл алынууда.
Былтыр «Чоң сегизге» төрага болору анык болгондо Маскөө азыр өтүп аткан саммиттин башкы күн тартибине глобалдуу түрдөгү энергиялык коопсуздукту койгон. Баса, анализчилер чөйрөсү чейрек кылым Орусия энергия кубатын өндүрүүчү отунду тышка чыгаруучу бирден бир өлкө болот. Ошондуктанбы дешет былтыр эле Маскөө сунуш кылган күн тартибин газ менен карамайды Орусиядан алып пайдалана баштаган батыштык ири мамлекеттер унчукпай кабыл алышкан. Кошмо Штаттары менен Жапония болсо «жок» дешпегени менен «макул» деп да айтышкан эмес. Ошого карабай бир жыл ичинде Орусиянын ички саясаты катуу өзгөргөнгө байланыштуу «Чоң сегиз» лидерлеринин мамилеси да өзгөргөнүн экспертчи Федор Лукьянов айтты:
- Энергетика (күн тартибинен – М.М) көлөкөгө түртүлүп салынды. Эмне дегенде талашка түшкөндөр көз караштары такыр башка болууда, - деди саясий талдоочу Лукьянов бүгүн «Азаттык» үчүн айткан жообунда.
Глобалдаштырууга каршы күрөшкөнү Санкт-Петербургга келгендер мурдагыдай эле Киров атындагы стадиондо. Бийликтен уруксат болбогонго карабай көчөгө чыгуу уюштургандарды буйдалтбпай кармоо болуп атканын «Азаттыктын» Петербургдагы кабарчысы айтты:
- Глобалдашууга каршы күрөшкөндөр арасынан 29у саммитттин биринчи күнү кармалды. Алардын бешөө камакrа алынган, бешөө бошотулган. Калганынын тагдырын бүгүн сот чечет, - деди Виктор Резунков
Муса Мураталиев, Маскөө калаасы