Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

ДҮЙНӨ ЛИДЕРЛЕРИ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ЖАҢЖАЛДЫ ТЫНЧТЫК ЖОЛУ МЕНЕН ЧЕЧҮҮГӨ ҮНДӨП ЖАТЫШАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Дүйшөмбү күнү эртең менен Израилдин авиациясы Ливандын түндүк жана чыгыш чөлкөмдөрүнө абадан сокку урду. Хэсболла согушкер тобунун ракеталык аткылоосуна жооп иретинде жасалган соккудан, бери дегенде, 15 киши курман болду, алардын жетөө- Ливандын солдаттары. Дүйшөмбүгө караган түнү Ливандын Хэсболла тобу Израилдин Назарет жана Афула шаарларын ракеталар менен аткылаган. Петербургда өз ишин аяктап жаткан чоң сегиздик саммитинин катышуучулары тараптарды араздашууну токтотуп, сүйлөшүү стөлүнө олтурууга үндөп жатышат.

Дүйнө лидерлери Израиль менен Хэсболла тобунун ортосунда тутанган жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга үндөп жатышат. Жекшемби күнү Чоң сегиздиктин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Россиянын пррезиденти Владимир Путин жаңжалга Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин кийлигишүүгө чакырды.

"Биз улуттар уюмун Ливан боюнча кабыл алынган резолюцияны толугу менен аткарып, андан сырткары регионго эл аралык бейпилдик күчтөрүн жиберүү мүмкүндүгүн караштырууга үндөйбүз",- деди Путин.

Улуттар уюмунун номер 1559 резолюциясын толук аткаруу зарылдыгы жөнүндө АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс да билдирди. Аталган резолюцияда Ливандын суверендүүлүгүн коргоо менен бирге Ливанда аракеттенип жаткан Хэсболла согушкер тобун толук куралдасыздандыруу каралган болучу.

Эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу араздашууну токтото аларына Британиянын премьер-министри Тони Блэр да ишенимин билдирди.

"Араздашууну толугу менен токтотуунун жалгыз жолу бул регионго эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу. Муну менен биз Израилдин Хэсболла согушкер тобу тарабынан аткылануусун жана Израилдин ага жооп чабуулдарын токтото алабыз" ,- деди Блэр.

Региондо эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу жөнүндө азырынча Улуттар уюмунун расмий дэңгээлинде сөз боло элек, бирок Уюмдун баш катчысы Кофи Аннан жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө:"Биз бардык тараптарды араздашууну тез арада токтотуп, маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө жол ачууга чакырабыз",- деп айтты.

Жакынкы Чыгышта түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн жекшемби күнү Ливанга Еврошаркеттин тышкы иштер министри Хавьер Солана келди. Ливандын премьер-министри менен сүйлөшкөн соң Бейрутта өткөрүлгөн прессконференцияда Солана провокацияларга, алар кандай провокация болбосун, эл аралык мыйзамдарга ылайык гана жооп берүү керектигин билдирди.

"Провокацияларга, ал эми биз хамасчылардын аракеттерин провокация деп эсептейбиз, кол куушуруп олтура берүү жарабайт. Бирок ага эл аралык мыйзамдарга ылайык, провокацияга адекваттуулук жана пропорционалдык принциптерин сактоо менен жооп кайтарылууга тийиш. Андай аракеттер адам укуктарын урматтоо менен жүргүзүүлгө тийиш", -деп билдирди Хавьер Солана.

Израиль менен Ливандын Хамас тобунун ортосундагы жаңжал өткөн жумада хамасчылар эки израилдик солдатты барымтага кармап кеткенден башталган. Ливан аскерлеринин маалымдашынча, өткөн түнкү бомбалоодо Израиль 60 тан ашык обьекттерди кыйратты. Негизинен Хамас тобуна тийешеси бар обьектилер бутага алынууда. Израилдик аскерлердин чабуулунан 160тан ашык ливандык жаран курман болду.

XS
SM
MD
LG