Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:12

КӨЧМӨНДҮК ИКАЯСЫ


Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын жарым миллионго жакыны чет жерде иштеп жүрөт. Өлкөдөгү ички миграциянын агымы ири шаарларда толгон-токой социалдык проблемаларды жаратууда. Бишкекте өткөн «тегерек үстөл» жыйынында ички-тышкы миграция маселелери талкууланды.

Жыл сайын Кыргызстандын эмгек базарына 40 –50 миң жаш адамдар кошулуп турат. Алардын кыйласы жогорку окуу жайлардан билим алууну улантышса, калгандарынөн көпчүлүгү жумушсуздардын катарын толуктайт. 15 – 20 миңдин тегерегинде жаңы ачылган жумушчу орундар каалагандардын баарынын талабын канааттандыра албайт.

Миграция жана жумуш менен камсыздоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулованын ырасташынча, жыл сайын чет жерге иштөөгө 250 миң ашуун адам кетет. Алардын басымдуу көпчүлүгү Орусия менен Казакстандын курулушунда, жайма базарларында иштешет. Жакындан бери Түштүк Корея, Канада менен Швейцарияга барып иштөөчүлөргө квота берүү маселеси козголууда.

Чет жердеги кыргызстандыктардын укугун коргоочу «Замандаш» коомунун жетекчиси Жума Абдуллаев Орусиянын өзүндө эле 350 миң ашуун киши иштейт дейт.

- Бир жылдын ичинде дагы көбөйдү болуш керек. Жалгыз Орусиянын өзүндө эле 380 миң кишиге жетти болуш керек. Анткени 350 – 380 миң киши иштейт, андан көп эмес.

Президент В.Путиндин жаңы жарлыгы менен мурдагы Советтер Союзунда жашаган жарандардын Орусияга туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк алуусу, атүгүл андай адамдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрү ырасталды. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлү Юрий Ермолаевдин маалымдашынча, ушу тапта Орусияга барып жашоого арыз берген кыргызстандыктардын саны арбыгандан-арбып баратат.

- Кеп бул жерде мурдатан эле көчүүнү ойлонуп, бирок каржылык жагынан кыйналып, кетүүгө буямасы келбей жүргөн адамдар менен иштешүү жөнүндө болуп жатат. Азыр бизге 40 миңге жакын кыргызстандыктардан көчүп кетүү тууралуу арыз түштү.


Кыргызстандын миграция боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова Орусия сырттан көчүп келүүчүлөргө материалдык колдоо көрсөтүп жатканын ырастап, бул жерден кетип орусиялык жарандыкты алгандарга Кыргызстан жарандыгын калтыруу тууралуу демилге көтөрүлүп жатканын кабарлады.

- Менин оюмча, жабыла баары көчүп кетишпейт. Кандай болгон күндө да көчүп кетүүчүлөр болот. Орусия Федерациясы чакырып жаткандан кийин мекендештеринин кыйласы жер которушат. Бирок бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, Орусияга сөзсүз эле орус тилдүү калкты чакырып жатышкан жери жок. Мурдагы советтик жарандардын көчүп келишине көмөк көрсөтүлмөкчү.

Орусия бийлигинин алдагыдай кадамын көрүп кыргыз өкмөтү кош жарандыкты калтыруу маселесин мыйзамдык негизде чечүүнүн камылгасына киришүүдө. Жаңыланчу Башмыйзамда мына ушул маселени так аныктап алуу аракети жасалууда, деп билдирди А.Рыскулова. Айтса, Кыргызстандан көчүп кетүүнү каалагандардын саны арбыган сайын, керектүү орун бош калбайт болуп Ош, Жалалабат, Бишкек сындуу ири шаарлардын соода жайларын мыйзамсыз жүргөн чет элдик эмгек мигранттары ээлөөдө.

- Мен так санын айталбайм, антиш да кыйын. Бирок он миңдеген чет элдиктер Кыргызстанда иштеп жүрүшөт. Алар биздин мекендештерибиз иштей турган жерди ээлеп отурушат,- деп айтты Айгүл Рыскулова.

Өкмөт мыйзамсыз жүргөн чет элдик мигранттардын агымын жөнгө салууга эми киришерин А.Рыскулова маалым кылды.

XS
SM
MD
LG