Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ОШ : ӨЗБЕКСТАНДЫН БЕШ ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ


Ош шаарындагы оперативдүү иш чаранын жүрүшүндө иш аракети күмөндүү деп шектелген өзбекстандын беш жараны кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармасынын пресс кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков өзбек жарандары жашыруун жашап жаткан кыргыз атуулунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган ок-дарылардын жана жардыруучу заттын табылгандыгын билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармасынын маалыматына караганда, Подгорный көчөсүндөгү онунчу батирдин жашоочусу Маматалиев Акрамдын үйүндө беш өзбек атуулунун жашырынып жашап жүрүшкөнү аныкталып, алар убактылуу кармоо жайына алынып келинди. Бул тууралуу билдирген Ош шаардык ички иштер башкармасынын пресс кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков жогоруда аталган үйдү тинтүү учурунда Калашников автоматынын октору, 400 грамм жарылуучу заты жана Кыргызстандын бир канча жасалма паспорттору табылгандыгын билдирди.

- Алдын ала суроо учурунда алар Анжиян шаарынын тургунубуз деп айтып жатышат. Ал эми бирөөсү Кокон шаарынын тургунубуз дешүүдө. Алар устачылык кылганы келгенбиз деп айтышууда. Бирок алар Акрамий агымына мүчө болгон адамдын үйүндө жашоосу, ошондой эле паспортторунун жасалма экендиги, Кыргызстанда жашыруун мыйзамсыз жүргөндүгү көп нерсеге шек туудуруп, булардын үстүнөн көптөгөн оперативдүү иш чараларды жүргүзүүгө туура келет,- деди Замирбек Сыдыков.

Учурда аталган окуя боюнча кошумча жагдайлар иликтөөгө алынып, кылмыш иши козголууда. Ал эми тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” диний уюмунун жергиликтүү лидерлери паспорт режимин жүргүзүүдө жарандардын укуктары одоно бузулуп жатат деген билдирүү менен чыгышты. Алардын сөзүнө караганда, паспорт режимин жүргүзүүдө “Хизб-ут-тахрир” диний уюмунун мүчөлөрүнө жана алардын жактоочуларына карата тартип коргоо органдарынын басымы күчөп жатат:

- Эртең менен эртелеп Улуттук коопсуздук жана милиция кызматкерлери баш болгон топ үйүмө бастырып келишти. Эч уруксат кагазын көрсөтпөстөн үйдү тинтип, ислам дининин эрежелерине багытталган адабияттарыбызды окуп олтурган жерибизден алып чыгып кетишти. “Хизб-ут-тахрирге” таандык экен дешет. Ал партия алар ойлогондой коркунучтуу эмес да. Бул жерге биз мыйзамга каршы эч иш кылбасак деле ушинте беришеби? Өздөрү айткан адам укугун сыйлоо каякта калды,- деди өз атын атабоону суранган “Хизб-ут-тахрир” уюмунун жергиликтүү лидерлеринин бири.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги паспорттук режимди жүргүзүүдө мыйзамды бузган жарандар, диний айырмачылыкты козуткан жана коомдук коопсуздукка коркунуч алып келиши мүмкүн деп шектелген тобокелчилик топторунун үстүнөн профилактикалык иш чаралар гана алынып барылгандыгын билдирди:

-300 даана “Хизб-ут-тахрир” партиясынын баракчалары, 120 даана “Альбали” журналы жана бир топ кичине китепчелер андан сырткары 24 даана компакт диск жана тогуз видео кассета алынды. Учурда алынган видео кассеталар менен компакт дисктер экспертизада. Ал эми адабияттар болсо диний экстремисттик уюмдарга таандык экендигине эч кандай шек жок. Анткени ал адабияттарда “Хизб-ут-тахрир” партиясы даярдаган деген жазуулары бар. Ош шаарындагы 11442 атуул жашаган үйлөрдүн 3298 үйү толук текшерүүдөн өткөрүлдү. Текшерүү учурунда паспорт эрежесин бузган 120 жаран аныкталып, аларга эми административдик чара көрүү боюнча протоколдор түзүлдү. Ошондой эле өздүгүн аныктоочу документи жок болгон 33 жаран учурда Ош шаардык ички иштер башкармасынын кабыл алып бөлүштүрүүчү жайына жеткирилген,- дейт Ош шаардык ички иштер башкармасынын пресс кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков.

Кубанычбек Жолдошев

XS
SM
MD
LG