Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

БҮГҮН УКРАИНА ӨКҮМӨТКӨ ЭЭ БОЛОБУ?


Бүгүн, 2-августта Украинада өкүмөттү бекитүү же Жогорку Раданы таркатуу болору күтүлүүдө. Мындай жагдай ал өлкө конституциясы койгон талаптан улам болууга тийиш. Украинанын негизги мыйзамы боюнча президент Виктор Ющенкого берилген мөөнөт бүгүн аяктайт. 26-мартта шайланган парламент жакында гана өлкөнүн премьер-министрине Орусияны туу кылган партиянын жетекчиси Виктор Януковичти сунуштаган. Анализчилер аны ал орунга бекитүү болсо анда «түстүү ыңкылапты» жараткандар бийликти колдон жулдурушат дешет.

Мурунку бейшембиде президент Виктор Ющенко украиналык саясий төбөлдөрдү чогултуп «тегерек үстөл» өткөргөн. Ага бардык саясий күчтөр катышканы анык болгон. Мамлекет жетекчиси ал жерде «Улуттук биригүүнүн универсалдыгы» долбоорун сунуштаган. Анализчилер баамында анын негизинде Жогорку Рададагы төрт айга карап бараткан жаатташуунун акырына чыгуу болот эле дешет.

Ал долбоордо «Украинанын саясий күчтөрү мамлекеттин бир бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактайт. Конституциялык реформаны улантат. Бийлик бутактарынын тирешүүсүн токтотот. Оппозициянын укугун коргоо үчүн кам жейт. Конституциялык соттун ишин калыбына келтирет. Ошондой эле Украинанын НАТОго мүчө болуп өтүүсүн тездетет», - деп жазылыптыр.

Алдыңкы күнү ал долбоорду жактырып кол коюу болушу керек эле. Бирок агенттиктер жазганга караганда Украинанын коммунисттик партиясы «НАТОго Украинанын өтүшү боюнча референдум өткөрүлмөйүн буга кол кое албайбыз», - деп келишимден баш тарткан. «Эхо Москвы» радиосу билдиргенге караганда «Региондор партиясы өз сунушу менен чыгып, президент (Ющенко – ММ) долбоорун жактырган эмес». Юлия Тимошенконун жаатташтары болсо Жогорку Раданы кайра шайлоо гана өлкөнү саясий кризистен чыгарат дешкен.

Мына ушундай жагдайда президент Ющенко бүгүн өз сөзүн айтууга тийиш дешет. Кечээ «Азаттыктын» кабарчысына киевдик тургун саясий жаатташуудан элдин жадап болгонун айткан:

«Алар элдин жыргалчылыгына эмес эле өздөрүнө омоктуу орун алуу үчүн күрөшүп атышат. Ага жетип анан элди каракташ үчүн күрөшүп атышат», - деген.

Анализчилер кай бирлери Маскөө бийлигин таяныч кылган Виктор Януковичтин жаатташтары жеңиш биздики маанайда ишенимдүү аракеттерди жазап атканын айтышууда. Маселен кечээ ал партиянын мүчөсү Тарас Черновил «Азаттыктын» Киевдеги кабарчысына айткан жообунда ушундай туюнтма бардай:

«Эгерде президент конституциялык талапты бузса анда биз (региондор партиясы – ММ) үчүн бул ал сунушту кайра карап чыгууга олуттуу шылтоо табылат. Мен бул жерде өз оюмду айттым, бирок анын биз айтчу расмий шылтоо үчүн негиз болуп калышы деле мүмкүн», - деген Черновил.

«Кремль.ру» жазганга караганда, «Жогорку Раданы таркатуу болуп, андан соң аны кайра шайлоо болгондо, Виктор Янукович жетектеген Региондор партиясы Социалисттик жана Коммунисттик партиялар менен биригүүгө даяр».

Ошол эле жерде «президенттин сунушусуз деле парламенттеги көптүк кылган фракция Виктор Януковичти Украинанын премьер-министри кылып дайындай алат», деп жазат орусиялык бийликтин сайты.


Муса Мураталиев, Маскөө

XS
SM
MD
LG