Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КАЗАКСТАН: ОППОЗИЦИЯ ЛИДЕРИ НАЗАРБАЕВДИ КУЛАТЫШ ҮЧҮН ӨЛТҮРҮЛДҮБҮ?


Казакстандын эли белгилүү опппозиция өкүлүн өлтүрдү деп шектелген 10 кишинин үстүнөн сот ишине кызыгуу менен байкоо жүргүзүп жаткан кез. Сот иши июндун ортосунда башталып, бир катар күтүлбөгөн жаңылыктарды алып келди. Мисалы ушул аптада айыпталуучулардын бири Алтынбек Сарсенбаевдин өлтүрүлүшү президент Назарбаевди четтеттүүнү максат кылган тымызын кутумга байланышкан деп ырастады.

Өткөн кышта оппозиция лидери жана мурдагы Маалымат министри Алтынбек Сарсенбаев эки жардамчысы менен өлтүрүлгөндөн кийин, буга байланыштуу Казакстанда Коопсуздук кызматынын жетекчиси Нартай Дутпаев отставкага кетип, Сенат администрациясынын мурдагы жетекчиси Ержан Утембаевге каршы кылмыш иши козголду.

Прокурорлор Утембаев Сарсенбаевди бир маегинде өзүн "аракеч" деп атаганы үчүн өлтүргөн деп болжолдоошууда. Утембаев мурда күнөөсүн мойнуна алган, бирок сотко келгенде ал да, башка айыптоочулар да "суракта күч колдонулган болчу" деп, мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тартып кетишти.

Бирок айыпталуучулардын бири, мурдагы милиция офицери Рустам Ибрагимов ушул шаршембиде ишти ого бетер чийелештирген жарыя жасады. Ал Утембаевден тышкары, Сенаттын спикери Нуртай Абикаев менен Коопсуздук Кеңештин мурдагы жетекчиси Дутбаевдерге, аларга кошуп, ЦРУ менен Рим Чиркөөсүнө кине такты. Анын айткандарын "Азаттыктын" Талды-Курганда өтүп жаткан иш сотунда жүргөн кабарчысы Данабек Бименов окуп берди:

- Сенаттын спикери Нуртай Абикаев- президент Назарбаевдин эски досу жана мурда Утембаевдин жетекчиси болгон. Ибрагимовдун ырастоосунда президенттин мурдагы кеңешчилеринин бири аны Утембаев менен тааныштырган, ал эми Утембаев кийин берки кеңешчинин ЦРУ, Ватикан менен байланышы бар деп айткан.

Ибрагимовдын сөзү боюнча, жогоруда аттары аталган үчөө Сарсенбаев өлтүрүлөөрдүн алдында аны менен жолугушуунун жолдорун издешкен. Төлөгөн Жукеев - Сарсенбаев кошо негиздешкен Нагыз Акжол партиясынын теңтөрагасы. Ал "Азаттыкка" сотто берилген акыркы көрсөтмөлөр сот ишинин багытын өзгөртүүгө түрткү болот деген божомолун билдирди.

Сарсенбаевдин бир тууганы Рысбек Сарсенбаев тескерисинче, Ибрагимовдун көрсөтмөсүнө көбүрөөк ишенет. Себеби анын ырастоолору өзүнүн кызыкчылыгына туура келгени менен, чындыкты айтып, өзүн коргоп калууну көздөп жаткан болушу да мүмкүн. Оппозиция өкүлдөрү кылмышка буга чейин аттары аталгандардан кыйла жогору кызматтагы адамдардын тийешеси бар деп эсептешээри белгилүү.

Улуттук Коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Божко кечээ Ибрагимовдун көрсөтмөсүн "дөөдүрөгөндөрдүн ойлоп тапканы" деп мүнөздөдү. Сот иши дагы бир нече аптага созула тургандай, анда дагы көп сандаган күбөлөр көрсөтмө беришет. Ошондуктан, соңкулары - чуулгандуу жарыялардын акыркысы болбойт деп болжолдоо мүмкүн.

Жаныл Жусупжан

XS
SM
MD
LG