Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

УКРАИНАНЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ ТҮЗҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Төрт айга уланган талкуудан кийин 4-августта Украинанын жаңы өкмөтү түзүлдү. Ага төрт партиядан турган коалициянын өкүлдөрү кирди, бирок мурдагы эки негизги атаандаш - Виктор Ющенко менен Виктор Януковичтин адамдарынын дайындалышы өзгөчө талкууга алынууда.

Украинанын конституциясына 2004-жылы киргизилген толуктоолорго ылайык, тышкы иштер жана коргоо министрлерин президент тандайт. Ющенко ал кызматтарга Борис Тарасюк менен Анатолий Христенкону дайындады жана эксперттердин пикиринде, аны менен коомчулукка - Украина өзүнүн евро-атлантикалык тышкы саясатын улантат деген белги берилүүдө. Андан тышкары ички иштер министри Юрий Луценко дагы президенттин адамы деп айтылууда.

Премьер-министр Янукович болсо өзүнүн төрт орун басарын дайындоого укук алды. Ал кызматтарга Микола Азаров, Андрий Клюев, Дмитро Табачник жана Володимир Рыбак дайындалды. Биринчи вице-премьер болгону менен кошо Азаров каржы министри болуп да иштейт. Янукович 2002-2004-жылдарда премьер болгондо дагы Азаров ушул кызматта болчу.

Андан тышкары Януковичтин партиясынын атынан Михайло Папиев - эмгек министри, Василий Джарты - айлана-чөйрө министри, Сергий Тулуб - көмүр министри, Юрий Бойко - кубат министри, Володимир Макуха - экономика министри, Анатолий Толстоухов - министрлер кабинетинин министри жана Иван Ткаленко - парламент менен кызматташуу боюнча министр болуп дайындалышты.

Айрым эксперттердин пикиринде, жаңы өкмөт - 2004-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн Юлия Тимошенконун жана андан кийин иштеген Юрий Ехануровдун өкмөттөрүнө караганда алда канча профессионалдуу түзүлдү, анткени анын көпчүлүк мүчөлөрү мурда да министр болуп иштеген жана тажрыйбалуу адамдар. Андай эксперттер неизинен - Янукович мурда өкмөттү башкарган учурда өлкө экономикасынын өсүшү 12 пайызга жеткенин өзгөчө белгилейт. Ал эми, мисал үчүн, Тимошенко түзгөн өкмөт негизинен революциячыл саясатчылардан турган.

Бирок жаңы өкмөттүн курамын сындагандар дагы арбын. Андай эксперттердин айтымында, президенттик партиянын өкмөткө жана парламентке болгон таасири өтө төмөн түштү, анткени төрт вице-премьер Януковичтин адамдары болгону менен катар парламенттин спикери болуп Социалисттик партиянын өкүлү Олександр Мороз шайланды. Өкмөт мүчөлөрү тажрыйбалуу адамдар болгону менен, дал ошол адамдар, атап айтканда Андрий Клюев, 2004-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо иштери үчүн жооптуу жооптуу болуп эсептелген саясатчылар. Андан тышкары, Януковичтин партиясы тарабынан өкмөткө кирген саясатчылардын көпчүлүгү - өз бизнесин улантып жаткан ишкерлер, ошондуктан аны менен коррупция жана келечектеги орчундуу кризистин үрөндөрү себилүүдө, дейт айрым байкоочулар.

XS
SM
MD
LG