Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

ООГАНСТАНДА МАҢЗАТ ТҮШҮМҮ РЕКОДДУК ДЕҢГЭЭЛГЕ ЖЕТТИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ооган өкмөтү баш калаа Кабулда маңзат аткесчилигине каршы күрөшүү маселесине арналган конференция өткөрүүдө. Анда өкмөт маңзат аянттарын кыскартуу жана аткесчиликке бөгөт койуу тармагында ишке ашырып жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат бермекчи. Ал эми анын аралыгында, батыш өлкөлөрү Ооганстанда маңзат өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйгөндүгүн тынчсыздануу менен кабарлашууда. Алардын айтымында, быйыл маңзат өсүмдүктөрү себилген аянттар былтыркыга салыштырмалуу 40 процентке көбөйүп, акыркы жылдардын ичиндеги рекорддук дэңгээлге жетти.

Ооганстандын маңзат аткесчилигине каршы күрөшүү маселелери боюнча министри Хабибулла Кадири апийим аянттарын жок кылуу аракеттери күч алганына карабастан, апийим айдоо көбөйгөндүгүн мойнуна алды. Анын айтымында, буга Хельманд провинциясындагы абалдын туруксуздугу себеп.

Бирок, Ооганстандын расмий өкүлдөрү апийим аянттары канчага көбөйгөндүгүн ооган өкмөтүнүн демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыккан соң гана сөз кылуу мүмкүн деп жатышат.

- Апийим талааларынын рекорддук дэңгээлге жеткендиги тууралуу үстөккө - босток маалымат алып жатабыз. Бирок бул фактыны тастыктаган таныкка ээ болмойун жыйынтык чыгара койбойбуз. Менимче аянттар көбөйгөн жок, анткени биз дыйкандарды башка өсүмдүктөрдүн үрөнү менен камсыз кылуу иш чараларын колго алганбыз,- деп ишендирди министрдин кеңешчиси Мухаммад Муса Хамид.

Ооганстандын өкмөтү маң зат жаатындагы иликтөөлөрүнүн соңуна али чыга элек. Ал эми Улуттар уюмунун бул тармакта жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгы 12-сентябрда жарыяланмакчы.

Ооганстандагы маңзат өндүрүшүнө каршы эл аралык иш чараларды жетектеп келаткандардын бири Британия, азырынча бул маселе боюнча так маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок Британия менен АКШнын Лондондогу жана Кабулдагы өкүлдөрүнүн бизге маалымдашынча, быйыл маңзат өсүмдүгү себилген аянттардын кеминде 40 процентке көбөйдү. Бул көрүнүш өлкөнүн баардык чөлкөмдөрүнө эмес, абал туруксуз болуп турган Хельманд өңдүү провинцияларга мүнөздүү. Ошон үчүн өлкөдө жайгаштырылган эл аралык күчтөрдүн командачысы генерал-лейтенант Ричардс азыр күн тартибинде турган эң биринчи макчсат борбордон алыс турган провинциялардагы абалды турукташтыруу экенин айтып, эл аралык күчтөрдүн максаты апийим талааларын жок кылуу эмес, тынчтыкты орнотуу экенин баса белгиледи.

-НАТО менен эл аралык бейпилдик күчтөрү дыйкандарга каршы иш жүргүзбөйт. Бирок ошону менен бирге калк жан багуунун апийим өстүрүүдөн башка жолдору бар экенин түшүнүүсү керек. Алар маңзаттар бул өлкөдөн толугу менен жок кылынмайынча, тынчтык менен бакубат турмуш эч качан болбосун аңдоого тийиш. Маң заттарын жок кылуу биздин түздөн-түз максатыбызга кирбейт, дейт генерал.

Маңзат аткесчилигинин жолу буулбай жаткандыгынын себептеринин эң орчундуусу жергиликтүү жана борбордук бийлик менен наркобарондордун өз ара коррупцияланганында. Ошол себептен азыр Кабулда өтүп жаткан эл аралык конференцияда маң зат аткесчилерин мыйзамдуу жоопко тартуунун жол- жоболору жөнүндө да кеңири сөз болмокчу.

XS
SM
MD
LG