Израиль коомчулугунда мындай талаш –тартыштар акыркы жолу 1973- жылы өлкө Мисир менен Сирияга кол салганда орун алган. Андагы нааразылык акцияларынан ошол кездеги премьер- министр Голда Миллердин өкмөтү толугу менен кызматтан кетүүгө мажбур болгон эле.
-Биз премьер менен коргоо министринин жана аскердик башкы штабдын командачысынын кызматтан кетүүсүн талап кылабыз,- деп билдирди наразылык акциясына катышып жаткан резервисттердин бири Эзер Вигоре.
Бул топтун премьердин иш кеңсесинин алдында өткөргөн демонстрациясына удаа эле дагы бир резервисттер тобу Хаарец гезитине ачык кат жарыялап, согуш жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтердин териштирилүүсүн талап кылды.
Согуштун мыйзамдуу- же мыйзамсыз экени жөнүндөгү суроону көтөрбөгөнү менен резервисттер согуштук аракеттерде жарак-жабдуулардын таңсык болгонуна, армиянын суу жана тамак- аш менен жетиштүү дэңгээлде камсыз кылынбаганына нааразы болушкан.
Акыркы күндөрү коомчулукта орун алып жаткан чакырыктарга Эхуд Олмерттин кабинетинин айрым мүчөлөрү кошулганы белгилүү болду. Бирок Олмерт мындай талаптарды четке кагууга шашты.
-Биз өкмөт менен аскердик жетекчиликти төбөгө койуп, аларды күнүмдүк иштерден алагды кылып, өкмөттү дээрлик шал кылганы турабыз. Андай болгондо өкмөт эмки жаңжалга даярдана албай калат,- деп билдирди премьер.
Бирок Израиль кооомчулугунда Олмертти кысмакка алуу күчөөдө. Ариэль Шарон ооруп калгандан кийин Кадима чордончул партиясынын жетекчиси болуп калган Олмертти Израилде тажрыйбасыз саясатчы деп эсептешет. Аналитиктер Израилдин аскердик күч-кубатын демонстрациялоону көздөгөн согуш иш жүзүндө Израилдин душмандарын күчтөндүрүп койгонун айтып жатышат. Эл ичинде Израилдин Хезболла, Иран жана Сирия менен жөнгө салынбаган талаштары жаңы жаңжалдарга тамызгы болушу ыктымал, деген аңыз кептер тароодо.
Ал эми анын аралыгында бул ушак- айыңдарды тастыктаган билдирүүлөр пайда болду. Израилдин коопсуздук тармагынын мурдагы жооптуу кызматкери Узи Даян Израиль Хезболла менен өткөн согуштан сабак алып, келечектеги жаңжалдарга даяр болууга тийиш, деп билдирди.