Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

'КАТРИНА' БОРООНУ ТИЙГИЗГЕН КЕСЕПЕТТЕРДИ ЖОЮУ ИШТЕРИ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИКТИ БУШ ӨЗҮНӨ АЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага "Катрина" деген атка конгон бороондун АКШнын түштүк жээгине тийип, аны кыйрандыга учуратканына 29-августта бир жыл толду. 28-29-август күндөрү президент Буш жапа чеккен аймактарды кыдырды жана Нью-Орлеан шаарына келгенде, өкмөттүн аракеттери максатка жетпей жатканы үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алып, коомчулукту таң калдырды.

"Федералдык өкмөттүн бул кырсык боюнча жүргүзүп жаткан аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти мен өзүмө алам. Бир жыл өткөндөн кийин мен убада берем - 'Катрина' биз үчүн сабак болду жана абалды калыбына келтирүү үчүн биз бардык талаптуу аракеттерди көрөбүз", - деди Буш 29-августта.

Виржиния университетинин Саясий борборунун деректири Ларри Сабатонун айтымында, "Катринанын" айынан президент Бушка карата коомдо болгон пикир толугу менен өзгөрдү:

"Чечкиндүү жана баарын билген президент болуп эсептелген Буш коомдо дароо - эч нерсеге жарабаган, туура нерсе эмне экенин билбеген жана жапа чеккендердин абалы менен иши жок жетекчи катары баалана баштады. Андай пикир туура эмес деп азыр айтса болот, бирок бул пикир Луизиана жана Миссисипи штаттарынын тургундары арасында гана эмес, бүткүл Америка эли ичинде тарады", - дейт Сабато.

"Ассошиейтед пресс" агенттиги жакында өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШ калкынын 33 гана пайызы азыр "Катрина" тийгизген зыяндын кесепеттерин жоюу ишинде президент Буш туура аракеттенүүдө деп эсептейт. Суралгандардын 36 гана пайызы - Жорж Буш президенттик милдетти жакшы аткарып жатат деп жооп берген.

Нью-Орлеан шаарында жана Луизиана менен Миссисипи штаттарында бардыгы болуп бир жарым миң адам набыт кеткен, 400 миңге жакын киши үйсүз калып качкынга айланган, бороондон тийген зыян 80 миллиард долларга жакын деп айтылууда. Бирок андан да жаманы - бир жыл өткөндөн кийин дагы шаар калыбына келтириле элек жана федералдык өкмөт убада кылган 25 миллиард доллар жардамдын 117 миллиону гана шаарга жеткен.

Миңдеген адам эмгиче убактылуу жайларда жашайт, алардын арасында көңүл чөккөндүк кеңири тараган, жардам ала албагандыктан турмуштан түңүлүп, жанын кыйгандардын саны үч эсеге көбөйүп кетти, үй-бүлөлөр ичиндеги чатактар арбып баратат жана ичкиликке берилип кеткендердин саны дагы өсүп кетти. 1-сентябрда жаңы окуу жылы башталыш керек, бирок "Катринадан" үйлөр кантип кыйраганын көргөн балдар мектепке баруудан баш тартууда. Элге психологиялык жардам бере ала турган доктурлар жетишсиз - бороонго чейин Нью-Орлеанда төрт жүзгө жакын психиатр иштеген болсо, азыр шаарда 25 гана психиатр бар.

XS
SM
MD
LG