Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ПОЛЬШАДА БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ


Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 6-сентябрда Варшавада Польшанын чекара кызматкерлери тарабынан баңгизат менен кармалды. Чекарада текшерүү учурунда анын алып жүргөн жүгүнөн 595 грамм героин чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги расмий маалымат таратты. Кыргызстандын укук коргоочулары бул окуяны провокация катары баалап, анын артында Кыргызстандын коопсуздук кызматы турушу мүмкүн деп билдирүүдө. Бир катар депутаттар Европарламентке, Польшанын парламентине кайрылуу жолдоп, аларды Өмүрбек Текебаевге каршы провокация менен байланыштуу кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Эртең Жогорку Кеңеш бул маселени карай турганы күтүлүүдө.

Өмүрбек Текебаев Варшаванын округдук прокурорунун буйругу менен СИЗОго камалды. Депутатка баңгизаттарды жашыруун алып жүргөн жана ташыган деген айып коюлууда.

Польшада Кыргызстандын элчилигинин кеңсеси жоктугу белгилүү. Варшавага Кыргызстандын Беларустагы элчиси Лидия Иманалиева жөнөп кетти.

Парламенттин бир катар депутаттары Өмүрбек Текебаевдин Польшанын чекарасында кармалгандыгына байланыштуу чукул чогулуш өткөрүштү, бул маселе эртең (жума күнү) парламенттин жыйынында чукул талкуу кылуу үчүн сунуш кылынаары күтүлүүдө.

Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар кечкурун ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине чогулушту. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов бийликке оппозицияда болгон таанымал депутаттын кармалышын Кыргызстандын атайын кызматтарынын Текебаевди каралоо максатында жасаган иши катары баалоодо.

"Атамекен" партиясы өз төрагасынын Польшада кармалышын Кыргызстандын жергиликтүү бийлигинин провокациясы катары баалап чыкты.

Кыргызстандын президентинин карамагындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун "Азаттык" үчүн курган маегинде президенттик администрациянын башчысы М.Абдылдаев эртең тышкы иштер министрлиги менен баш прокуратуранын мыкты адистеринен турган топ Польшага Ө. Текебаевди коргоо үчүн аттандырылаарын өзүнө айтканын маалымдады.

Маалыматтарга караганда, Өмүрбек Текебаев өзүнө карата коюлган айыпты четке кагып, өзүнүн ак экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG