Парламент талкуулап жаткан токтом долбоорунда Бакиев, Кулов тандеминин конституцияга каршы келиши, коалициялык өкмөт түзүү, конституциялык реформа өткөрүү, күч структураларынын, КТРдин жетекчилигин кызматтан кетирүү, Жаныш Бакиевдин үстүнөн кылмыш ишин козгоо сыяктуу талаптар жазылган.