Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Гавана шаарында өтүп жаткан саммитте Венесуэла президенти Ирандын саясатын колдоду


Гавана шаарында өтүп жаткан үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин саммитинде кечээ Иран президенти Махмуд Ахмадинежад чыгып сүйлөп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер бирдиктүү саясат жүргүзүүгө тийиш деп билдирди. 14-сентябрда бийик жолугушууда Венесуэланын президенти Уго Чавес Иранга толук колдоо көрсөтүп, өзөктүк маселе боюнча Тегерандын АКШга каршы саясаты туура деп айткан. Кечээ күнү саммитте Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан чыгып сүйлөп, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер адам укуктарын сыйлап, оппозиция менен эркин басма сөздү куугунтуктоону токтотуш керек деп билдирди.

XS
SM
MD
LG