Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

АТАКТУУ ЖУРНАЛИСТ ЮРИЙ ЩЕКОЧИХИН ПАРАКОРЧУЛУК МЕНЕН КҮРӨШТҮН КУРМАНЫ БОЛГОНБУ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Мындан үч жыл мурда орусиялык таанымал журналист, Мамдуманын депутаты Юрий Щекочихин күтүүсүз жерден дүйнөдөн кайткан. Ырасмий чыгарылган доктурдун жыйынтыгы боюнча, Щекочихин аллергиянын чанда кездешчү түрүнөн өлгөн. Анын үй-бүлөсү менен кесиптештери ушубакка аны «Үч кит» аталышта коррупциялык топтун ишкердигин изилдегенге байланыштуу аны бийлик уулап өлтүрттү дешет.

Орусиянын паракорчулукка каршы күрөшүү комитетинин жетекчиси Кирилл Кабанов, эл аралык эксперттер маалыматына таянып: «Орусияда параколчулук 2003-жылы башталып ошондон бери тамырын терең жайып барат», - деди. Юрий Щекочихин дал ошол, 2003-жылы 3-июлда оорубай этпей жүрүп бир жолу демигип чыдай албай калганда ооруканага жеткирилип эртеси көз жумган.

Өлөрүнөн мурунку күнү Щекочихин федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кишилери менен жолукканын жана алар бир жамандык кылбасын деп чочулаганын ар кимге жайган. Маселен, Борис Райтшустер менен Таня Трезер ошолордун бири болушкан. Алар жазганга караганда, Щекочихин иликтеген жаңжалга тийиштиги бар эң бийик орундагы кишилер ысымдары аталган.

Виктор Ясмандын жазганынан караганда Щекочихинди андан мурда эле, 2002-жылдын жакасында «Новая газетанын» баш редакторуна орун басар болуп келгенде эле коркунуч тооруп калган. Анын макалаларында жашырын кызматтын генералдары кантип арам акча чайкашаары кеп болот. Анын акыркы журналисттик изилдөөсү «Үч кит» жана «Гранд» жыгачташ маркеттер кожондарынын кандай кылмыш жаcашканынын бетин ачкан. Алар паракорчулук жолу менен чет өлкөдөн тартып келаткан абдан кымбат жыгач таштарды бажы салыгын арзан баа менен алып өтүшүп, 20 миллион доллар киреше табышкан. Бирок маркеттер кожоюндарынын үстүнөн козголгон кылмыш иштер аягына чыккан эмес.

Ал Орусиянын мурдагы башкы прокурору Владимир Устиновдун колдоосунан улам болгонун Мамдуманын депутаты, ФСБнын мурдагы кызматкери Алексей Кондауров айты:

«Үч кит» иши Устинов мырза бар кезде үч жыл сүйрөлүп жүрдү. Акыры аны унутуп салышты. Бирок азыр саясатчылар аны кайрадан чубап чыгышты», - дейт Кондауров «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

Орусиянын президенти болсо Бесланда кан жуткан окуя чыккандан кийин «паракорчулук улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган абалга жетти», - деген.

XS
SM
MD
LG