Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

МАУНТАН БАЙК-ТООДОН ВЕЛОСИПЕД ТЕБҮҮ


23-24-сентябрда Бишкектин жанындагы Кашкасуу тоо-лыжа базасында “Педалово-2006” деп аталган Маунтан-байк (Mountain Bike) боюнча Борбор Азия чемпионаты өттү.



Маунтан-байк – бул тоодон велосипед тебүү. Өзүнчө спорт түрү катары аны 1951- жылы Париждик Француз вело кросс клубу баштаган. XXI кылымга дейре спорттун бул түрү кыйла өнүгүп, анүчүн атайын велосипеддер да чыгарылган.

Тоодон велосипедди ар түрдүү тепсе болот, андыктан Маунтан-байктын түрлөрү да көп: Кросс Кантри (Cross Country), Эндуро (Enduro), Фрирайд (Freeride), Дёртжампинг (Dirt Jumping), жана башкалар. Кашкасуу тоо-лыжа базасында орун алган “Педалово-2006” биринчилиги Маунтан-байктын Даунхилл (Downhill) деген түрү боюнча өттү. Мунун негизги өзгөчөлүгү – дөңдөн ылдый карай тез түшүш керек.

Тоодон түшүүдө негизги коркунуч – бул, албетте, жыгылып кетүү, бирок Кыргызстандагы Маунтан-байк федерациясынын Президенти Антон Кочетковдун айтымында, бул жолу биринчилик учурунда мурдагы жылкыдан айырмаланып чон кырсыктар болгон жок.
- Өткөн жылы дагы биз бул жерде, Кашкасууда Борбор Азия чемпионатын өткөргөнбүз. Ошондо бизде олуттуу жараат алгандар болду. Бирөө акырегин сындырып алган, башкасы бутун чойдуруп алды, бул майда-чүйдө урунгандарды, сыйрылып кеткендерди эске албаганда.

Мен жыгылып бир жеримди оорутуп алгандан коркуп, абдан акырын айдадым да дөңдөн жарым саатта түштүм. Анын үстүнө бул спорт үчүн атайын велосипеддер абдан кымбат турат экен – менин угушумча, 3-4 миң доллар.

Мен жарым саатта түшкөн дөңдөн Вадим Сержантов деген казахстандык спортчу 2.22 мүнөттө түштү да, алдынкы орунду ээледи.

- 5 жылдан бери Кыргызстан спорттун бул түрүндө мыкты болуп келген. Бирок, мына, кечээ даярданып, бүгүн финалда мен мыкты убакытты көрсөттүм, жыйынтыкта атаандашыман 3 секундага тезирээк болуп, -деди Вадим Сержантов.

Вадим эми Орусия биринчилигине катышууну пландап жатат :- Кыргызстан менен Казакстан көптөн бери атаандашып келет. Казахстан жаңы эле алдыга озуп чыкты. Эми биз Орусияга барып, ал жакта күрөшөлүк деп турабыз.

Ошентип, 5 жыл биринчиликти алдырбаган Кыргызстан бул жолу бардык алтын медалдарды Казахстанга алдырып жиберди. Демек, Кыргызстанда Маунтан-байкты өнүктүрүү үчүн дагы далай аракет керек.

Каарманбек Кулуев
XS
SM
MD
LG