Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

ОСМОН АРТЫКБАЕВ : ӨКМӨТТҮН ТАК, ТАЗА САЯСАТЫН КӨРБӨЙ ЖАТАБЫЗ


Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев “Азаттыктын” таңкы уктурууларына катышып, аткаруу бийлигинин азыркы саясаты жөнүндө суроолорго жооп берди.

- Үч сааттан кийин президент Жогорку Кеңешке жана элге кайрылуу менен чыкканы жатат. Аны угуу үчүн сиз да Акүйгө барсаңыз керек. Жаран, депутат катары эмнелерди күтөөр элеңиз?

- Жылда традиция катары президент келерки жыл жөнүндө, беш жылда эмне болот, кандай программасы бар, ошол жөнүндө сөз сүйлөйт. Былтыр да сүйлөгөн. Сүйлөгөн бул жакшы, бирок анын аткарылышы элди ойлондурат. Былтыр сүйлөгөндө президент айткан, ички дүң продукцияны 8 пайызга көтөрөбүз деп. Турмуш көрсөттү, ушул убакка чейин бизге берилген отчеттун негизинде карасак 5 пайыздын тегерегинде болду. Айткан сөз менен аткарылган иш дайыма дал келе барбейт.

- Ошолор дал келиш үчүн эмне ишке ашырылышы мүмкүн жана мүмкүн эместиги жаап-жашырылбай ачык айтылыш керек да?

- Туура. Эң башкысы бул өкмөттүн туура экономикалык, социалдык так, таза саясаты болуш керек. Ошону биз көрбөй атабыз. Былтыркы жылы айткан, биз чоң ири ишканаларды өнүктүрүп, ошонун негизинде экономиканы өнүктүрөбүз деп. Бул жакшы. Бирок негизинен башка дүйнөлүк мисалдарды алсак, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, көтөрө турган бул менин оюмча орто жана кичи ишканаларды өнүктүрүү. Ошол аркылуу жумушсуздукту жана экономикалык маселелерди чечүүгө болот деген жакшы форма бар. Эмнегедир ушул жагына жакшы көңүл бурулбай атат. Биз ар бир адамдын потенциалын ачышыбыз керек. Ар бир адамга мүмкүнчүлүк түзүп берсек экономикалык жактан, иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп, акча жагынан колдоп берсек, ошолор биздин экономиканы көтөрмөк. Муну Жаңы Зеландиянын мисалынан көрсөк болот. Ал биз сыяктуу эле 5 млн. адам жашаган өлкө. Биринчи кирешени айыл чарбасы берет, экинчи кирешени туризм берет. Ушул сыяктуу кирешени башка орто жана кичи ишканалар берет. Ушул өлкөдө элдин жашоо турмушу Англия, Америкадан да жогору турат экен.

- Осмон мырза, сиз айтып кеткендей, президент былтыр да кайрылган эле деп. Балким ал Жогорку Кеңештеги жумушчу жыйындарда кайрылуусу болгондур. Бирок бул бир программалык кайрылуу болот деп маалымдалууда. Ушул кайрылууда социалдык-экономикалык чөйрөдөгү болочок реформалардын да башы ачылыш керек го, себеби азыр бүдөмүк болуп жатпайбы?

- Cиз туура айтып атасыз. Социалдык-экономикалык саясаты так жана ачык болуш керек. Негизинен биздин мугалимдерге, социалдык тармагында иштеп аткан адамдарга көбүрөк көңүл буруу керек. Алардын акыбалы дагы эле төмөнкү деңгээлде. Мугалимдердин айлыгы аз, пенсионерлердин акчасы аз. Бюджет ушул жагынан кандай чечилет, ушул жагына көңүл буруш керек сөзсүз.

XS
SM
MD
LG